Талас: Балдарды унаанын жүк салган бөлүгүндө алып бараткан айдоочуга айып салынды

ИИМдин басма сөз кызматы 26-июлда Таласта балдарды унаанын жүк салынуучу бөлүгүндө алып бараткан айдоочуга 5 500 сом айып салынганын билдирди.

Тараз — Талас — Суусамыр жолунда «багажда» бараткан балдар

Ведомствонун маалыматына ыйлайык, окуя тууралуу маалымат 23-июлда социалдык тармактарда пайда болгон. Факт Талас ИИБдин электрондук журналына катталган.

Милиция кызматкерлери айдоочуну издеп таап, ал Талас облусунун Кара-Ой айылында жашаганын аныкташкан. Ал балдарын Тараз — Талас — Суусамыр жолунда «багажга» салып ташыган.

«Айдоочу кошуналарынын балдарын алып, багажга отургузуп койгон, себеби салондо бош орун жок болгон. Ал Суусамыр өрөөнүнө чабандардын тоюуна бараткан», — деп билдиришти ИИБден.

Натыйжада машина айып короого токтотулуп, айдоочуга 5 500 сом айып салынды.