Боршайком Токмок АШКсын таратты жана жергиликтүү шайлоону өттү деп тааныды

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдагы жыйынында Токмок АШКнын курамын толугу менен таратты жана аймактагы жергиликтүү кеңешти шайлоону өттү деп тааныды.

БШК мүчөлөрү жыйында «Эл биримдиги» партиясынын Токмок АШКнын партияны шайлоодон четтетүү чечимин жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчүн дагы карады.

БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Медина Кутбердиева АШК мындай чечимди Чүй облусттук ИИББнин «Эл биримдиги» админресурс пайдаланды жана добуш сатып алышы ыктымал деген маалыматынын негизинде гана кабыл алганын билдирди.

«Эл биримдиги» партиясынан үстүнөн «Эмгек» жана «Асыл мурас Жаштар» партиясынын өкүлдөрү арызданган.

«Аталган факты КЖБРге катталган. Андан соң “Эл биримдигинин” үгүтчүсүнө шектелип жатканын жөнүндө билдирүү тапшырылган. БШК карап жатканда укук коргоо органдары Токмок АШКга бул каттан башка эч кандай маалымат жөнөткөн эмес», — деп билдирди Кутбердиева.

Ал жумушчу топ партиянын үгүтчүсү болушу мүмкүн деген жаранга шектелип жатканы тууралуу билдирүүнүн көчүрмөсүн адвокат бергенин аныктаганын кошумчалады. Ошол эле учурда, адвокат дагы «Эмгек» партиясынын юристи болуп саналат.

«Укук коргоо органынын кызматкерлери үгүтчү менен “Эл биримдиги” партиясынын ортосундагы байланыш аныкталбаганы тууралуу БШКга маалымдаган», — деп айтып өттү Кутбердиева.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө БШК мүчөсү Кайрат Маматов бул иште «күмөндүү» жагдайлар көп экенин айтып, укуктук баа берүү үчүн иштин материалдарын Башкы прокуратурага өткөрүп берүү керек экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында, БШК мүчөлөрү Токмок АШКнын чечимин жокко чыгарып, аймактык комиссиянын курамын толугу менен таркатуу чечимин кабыл алды. Аны менен катар БШК добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдун негизинде Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын өттү деп тааныды.

11-июлда Токмок шаарында жергиликтүү кенештин депутаттарын кайра шайлоо болуп өткөн. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешине беш партия өткөн: «Бирге-Вместе», «Эмгек», «Асыл Мурас-Жаштар», «Патриот Ынтымагы» жана «Эл биримдиги».

«Бирге-Вместе» — 9, «Эмгек» — 8, «Асыл Мурас-Жаштар» жана «Патриот Ынтымагы» 5 мандаттан, ал эми «Эл биримдиги» — 4 мандат алган.