Эгемендүүлүк күнүнө карата Өзбекстандан келген 200 автобус каттамга чыгат — Бишкек мэриясы

Бишкек мэриясы өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 200 жаңы автобусту каттамга чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу 27-июлдагы басма сөз жыйында борбор калаанын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекке Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU автобустары алып келинет. Ал ушул тапта бул маркадагы 50 автобус шаар ичинде жүргүнчү ташып жатканын дагы эскертип өттү.

«Бүгүнкү күндө 40 унаа келди. 31-августка карата мэрия 200 автобусту каттамга чыгарууну пландап жатат. 2023-жылга чейин газмоторлуу кыймылдаткычы бар 1000 унаа алып келүү күтүлүүдө», — деп билдирди Кудайбергенов.

Ал 2022-жылга карата 350 автобус алып келүү пландалганын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандустар каралган көп орундуу автобустар да бар экенин кошумчалады.

«Бизде эл аралык донорлор менен бирге иштеп жаткан алгылыктуу долбоорлор бар. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен “Бишкектин муниципалдык коомдук транспорт системасын жакшыртуу” долбоору пландалып жатат. Долбоор боюнча биз газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алууну жана автобус парктарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү көздөп жатабыз», — деп белгиледи чиновник.

Андан тышкары, Кудайбергеновдун айтымында Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору ишке кирүүнүн алдында турат. Анын алкагында бийлик электробустарды сатып алат жана муниципалдык такси кызматы боюнча маселени иштеп чыгат.

Жаңы автобустарды сатып алууну мэрия маршртук айдоочулардын кезектеги иш таштоосунун шартында пландаган болчу. Анда маршртка айдоочулары жол кире акысын кымбаттатуу талабы менен каттамга чыкпай койгон

Айдоочулардын беш күндүк нааразылыгынан кийин шаар тургундары транспортсуз калган. Маселени чечүү үчүн Бишкек мэриясы жаңы автобустарды сатып алып, автопарктарды кеңейтүүнү чечкен.

Материалды даярдаган: Жаңыл Умуралиева.