«Биримдик» үчүн иштеген Дайырбек Орунбеков «Манас» аэропортунун жетекчисине кеңешчи болду

Дайырбек Орунбеков. Сүрөт Орунбековдун фейсбук баракчасынан алынды

«Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыковго кеңешчи болуп журналист Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.

Дайырбек Орунбеков 2018-жылы ноябрь айынан 4-октябрдагы парламенттик шайлоого чейин мурдагы эмгек жана cоциалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп иштеген.

Ага чейин ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин режиминин сынчысы болгон. Журналист мындан алты жыл мурунку макаласында 2010-жылы июнда Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышка мурдагы президенттин жана башка саясатчылардын тиешеси бар деп айыптаган.

Орунбековдун макаласы сот териштирүүлөрүнө негиз болгон. Башкы прокуратура Атамбаевдин «ар-намысы жана кадыр баркын» коргоп, Орунбековду сотко берип ишти утуп алган. Журналист мурдагы президентке келтирген моралдык зыяны үчүн 2 млн сом компенсация төлөп бериши керек болгон.

Журналист анча акчасы жок экенин айтып, штрафты төлөш үчүн киши башынан бир сомдон акча чогулта баштаган. 2016-жылы августтун башында Башкы прокуратура журналист соттун өкүмүн аткарып компенсация төлөп бербегени үчүн ага каршы кылмыш ишин козгогон.

2017-жылдын февралында Орунбековго каршы кылмыш иши токтотулган, бирок ага өлкөдөн чыкканга тыюу салынып, Атамбаевге компенсация төлөп берүүгө тийиш болгон. Президентикке Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин анын иши кыскартылганын Орунбеков «Клооптун» журналистине айткан.

Орунбеков Жаңы жыл майрамынын алдында экс-президент Жээнбековду куттуктап барып келгендигин өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

«Сооронбай Шариповичти куттуктап, учурашып келдим. Маанайы жакшы, барыңыздарга салам айтты. Жакында эле фонд ачты, буюрса анын алкагында көп жакшы иштерине күбө болобуз», — деп жазган ал.

Дайырбек Орунбеков жана экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт Орунбековдун фейсбук баракчасынан алынды. 

Орунбеков 2020-жылкы парламенттик шайлоодо «Биримдик» саясий партиясын колдогон. Ошондой эле, анын Матраимовдор кланын колдогон фейк-фермалар менен байланышы бар экендиги аныкталган. Бул маалымат «Клооптун» «Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?» деген иликтөөдө жарык көргөн. Муну өкмөттө иштеген бир адам жана ушул фермалардын ыктымалдуу кураторлору менен жекеме-жеке таанаш болгон эки адам тастыктап берген.

*Өткөн жылдын 21-октябрында «Манас» эл аралык аэропортуна жетекчи болуп «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон парламенттин депутаты Бактыбек Сыдыков дайындалган. «Мекеним Кыргызстан» Матраимовдорго тиешелүү экендиги белгилүү.

«Орунбеков «Биримдик» партиясынын шайлоо штабында иштегенге чейин чындап эле Матраимовдордун кланынын кызыкчылыгы үчүн иштеген» деп айтып берген анын тааныш журналисти. Ошондой эле, анын айтымында, Орунбековго болжолдуу 20 журналист иштейт.

Орунбеков менен бул маалыматты тактоого мүмкүн болгон эмес. Ал расмий түрдө жооп берүүдөн баш тарткан жана фейктер менен байланышы бар экенин бейрасмий төгүндөгөн. Анткен менен пандемия маалында гуманитардык жардамды таркатып, Матраимовдорду үй-бүлөсүнө иштегенин тастыктаган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдан ала жыйынтык боюнча алдыңкы орундарды алышкан. Шайлоонун жыйынтыгы көпчүлүк партиялардын нааразычылыгын жаратып, мөөнөтсүз митингдер бийликтин алмашуусуна алып келген. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Мөөнөтсүз президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Тема боюнча:

Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?