Президенттин ар-намысы: Атамбаев кимдер менен соттошкон?

Акыркы жумада Башкы прокуратура президенттин «ар-намысына шек келтиргени үчүн» «Заноза» менен «Азаттыкка» каршы эки сыйра доо арыз берди. Мамлекеттик айыптоо сотто мамлекет башчысынын ар-намысын биринчи жолу коргоп отурган жок. Биз президенттин атынан кимдер сотко берилгенин жана мамлекет башчысын өзү сотко бергендерди эстеп көрөлү дедик.

«Президенттин ар-намысына шек келтирүү»

2017-жыл:

«Занозанын» башкы редактору Дина Маслова.

«Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын эки юристи Азиз Канатбек менен Таалайкүл Токтакунованы, ошондой эле «Заноза» жана «Азаттык» маалымат порталдарын 2017-жылы марттын башында Башкы прокуратура «жалган маалымат таратты» деп айыптады.

Буга партиянын юристтери Атамбаев менен анын үй-бүлөсүнүн кыйраган «Боинг-747деги» жүккө тиешеси бар экенин далилдейт деген документтерди көрсөткөнү себеп болду.

«Ата Мекендин» юристтери документтер Текебаевге Түркиянын атайын кызматтар тарабынан берилгенин айтышкан. Ошондо эле Түркиянын элчиси Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугушууда «Ата Мекендин» юристтери көрсөткөн кагаздар жасалма экенин билдирген.

Оппозициячыл партиянын юристтеринен жана «Азаттык» үналгысынан 10 миллион сом компенсация өндүрүү талап кылынууда. Доочулар «Занозадан» үч миллион сом өндүрүүнү суранып жатышат.

Ошондо эле Башкы прокуратура «Заноза» менен «Азаттыкка» каршы дагы бир доо арыз берди. Доого Текебаевдин комментарийи себеп болгон, анда оппозициячы өзүнүн Кипрдеги иш сапарынын учурунда мурдагы президент Бакиев менен жолугушканы тууралуу Түркиянын «Haberler» басылмасында чыккан маалыматты жокко чыгарган.

Башкы прокуратура басылмаларды «текшерилбеген маалыматтарды калыстыгы жок чагылдырган» деп күнөөлөп, макалаларды алып таштоону жана бул материалдардын жарыяланышы менен өлкө президенти тартты деген моралдык зыянды төлөп берүүнү талап кылган.

Президенттин моралдык зыяны «Заноза» үчүн үч миллион сом жана «Азаттык» үчүн 10 миллион сом деп бааланган.

Укук коргоочу Рита Карасартова.

Президенттик КСДП фракциясы укук коргоочу Рита Карасартованы жана 24.kg маалымат агенттигин ишкерлик абройду коргоо тууралуу берене боюнча сотко берген.

24.kg маалымат агенттиги КСДП райондук кеңештерде позицияларын алдырып жатканы тууралуу «Регионы показали зубы партии власти» («Аймактар бийлик партиясына азуусун көрсөтүштү») деген материал жарыялаган.

«Алар саясатты оюн кылып алышты, кызмат орундарын оңду-солду сатып жатышат. Ал эми жергиликтүү эл ал эмне болгон талапкерлер экенин да билбейт. Эгерде татыктуу киши болсо ага эч кандай доомат болбойт эле», – деген Карасартова 24.kg менен болгон маегинде.

Социал-демократтар басылмадан жана укук коргоочудан моралдык чыгым үчүн миллион сомдон өндүрүп берүүнү суранып жатышат.

2015-жыл:

Журналист Дайырбек Орунбеков.

«Маалымат» басылмасынын редактору Дайырбек Орунбековду 2015-жылдын апрелинде Аламүдүн райондук соту президенттин ар-намысына шек келтиргени үчүн эки миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Айыптоого журналист Ошто 2010-жылы болгон улут аралык чатактын жоопкерчилигин Атамбаевге жана башкаларга жүктөгөн материал себеп болгон.

Орунбеков анча акчасы жок экенин айтып, штрафты төлөш үчүн киши башынан бир сомдон акча чогулта баштаган.

2016-жылы августтун башында Башкы прокуратура журналист соттун өкүмүн аткарып компенсация төлөп бербегени үчүн ага каршы кылмыш ишин козгогон.

2017-жылдын февралында Орунбековго каршы кылмыш иши токтотулду, бирок ага өлкөдөн чыкканга тыюу салынды жана ал эмгиче Атамбаевге компенсация төлөп берүүгө тийиш.

Президентке каршы доолор

2017-жыл:

«Талоончулук» боюнча айыптоого каршы «Ата Мекендин» митинги

2017-жылы марттын башында оппозициячыл «Ата Мекен» партиясы аны президент «сасыган», жетекчиси Текебаевди болсо «талоончу» деп атаганы үчүн Атамбаевге каршы доо арыз берди. Партия президенттин кечирим сурашын талап кылды.

Атамекенчилер моралдык чыгымдын суммасын көрсөтүшкөн жок, анткени «партиянын ар-намысы материалдык жактан бааланышы мүмкүн эмес» деп эсептешет.

Президент партияны жана анын жетекчисин сынга алган учур ал өзү Текебаев менен болгон катуу тирешип турган учурга туш келди. Тирешүү Атамбаев жана анын администрациясы Конституцияга киргизүүнү сунуш кылган түзөтүүлөргө «Ата Мекендин» башчысы жана 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү каршы чыгышканда башталган. Түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрында референдумда кабыл алынган.

2016-жыл:

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов 2016-жылдын январында президентке каршы доо арыз берген.

Доого президенттин билдирүүсү себеп болгон – ал биометриялык маалыматтарды чогултууга каршы Конституциялык палатага даттангандар «бөлөк бирөөлөрдүн табыштамасын аткарып жатышканын» айткан.

Токтакунов өзү да биометрияны милдеттүү түрдө чогултууга каршы чыгып жүргөндүктөн, бул сөздөрдү намыска тийген билдирүү катары кабыл алган.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекет башчысын президенттик мөөнөт убагында жасаган кылмыш-жазык жана административдик кылмыштары үчүн жоопко тартууга болбойт. Ошондуктан Токтакунов соттон Атамбаевдин сөздөрүн чындыкка жатпайт деп таанууну суранган.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов Токтакуновдун доо арызы боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, сот болсо аны эки жолу кабыл албай койгон.

Журналист Дайырбек Орунбеков. Сүрөт: Азаттык

Президенттин ар-намысына шек келтиргендиги үчүн сот эки миллион сом штраф төлөөгө милдеттендирген «Маалымат» басылмасынын редактору Дайырбек Орунбеков Атамбаевге каршы 2016-жылдын январында доо арыз берген.

«Эгерде Орунбеков кимдир-бирөөнүн акчасын актап жаткан болсо ошолор келип штрафын төлөп берсин», — деген эле президент 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында.

Орунбеков президенттин сөздөрүн кемсинтүү катары баалап, мамлекет башчысынан жана жогорку даражалуу аткаминерлердин ар биринен бир сомдон штраф төлөтүп берүүнү жана маалыматты ЖМК аркылуу төгүндөөнү талап кылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намыска шек келтиргендиги жөнүндө журналист Дайырбек Орунбековдун доо арызын кабыл алган.

Бирок натыйжада судья Чынара Мусабекова Орунбековдун жүйөлөрүн «негизсиз жана субъективдүү» деп тапкан. Анын айтымында, Атамбаев журналисттин ар-намысына «шек келтирбей» эле, «божомолун айткан».

Азиза Абдирасулова жана Төлөкан Исмаилова. Сүрөт: Вечерний Бишкек.

Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова аларды мамлекет башчысы «гранттарын актап жаткан өкмөттүк эмес уюмчулар» деп атагандан кийин 2016-жылдын июнунда сотко кайрылышкан.

Укук коргоочулар президенттен эл алдында кечирим суроону жана аларга айтылган сөздөрүн жокко чыгарууну талап кылышкан.

Президенттин адвокаты Алмаз Османова Атамбаевдин айтканын эркин пикир айтуу жана алар [укук коргоочулар] өкмөттүк эмес уюмда иштеп, аларга берилген гранттарды актап иштеп жатышканы тууралуу фактыны айтуу катары баалаган.

Укук коргоочулар эки инстанцияда соттошуп утулуп калышкан. Төлөкан Исмаилова 2016-жылдын октябрында Жогорку Сотко доо арыз берип, өзүнө келтирилген моралдык чыгымды 10 миллион сом өлчөмүндө өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Авторлошу: Нигина Мамадалиева


ТЕМА БОЮНЧА: