Тогуз-Торо: Жаратылыш паркынын аймагында ак илбирс пайда болду

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Кан-Ачуу» жаратылыш паркынын аймагында алгачкы жолу ак илбирс пайда болду. Бул тууралуу ПРООН кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, адистер ушул тапта ак илбирстин байырлаган аймагын аныктап «Кан-Ачуунун» аймагына фототузак орнотуп жатышат.

«Кан-Ачуу — башкаларга салыштырмалуу жаңы, алты жыл мурда түзүлгөн парк. Сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучуна кабылган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо үчүн Тогуз-Торо районунун аймагында түзүлгөн.

Жаратылыш паркынын аймагында ак илбирстин пайда болушу жана туяктуулардын көбөйүшү айлана-чөйрөнүү коргоо боюнча чаралардын жакшы натыйжа бергенинен кабар берет», — деп белгилейт ПРООН.

2020-жылдын июнь айына карата, дүйнөдө болгону 4000ден 7500гө чейин ак илбирс калган. Кыргызстанда алардын саны 300-350гө жеткени айтылып жүрөт, айрым маалыматтар боюнча биздин өлкөдө 400-450 ак илбирс бар.

2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Анда ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Бул демилгеден кийин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык план иштелип чыккан.

Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелер көтөрүлгөнүнө карабастан, эксперттер 2040-жылга чейин алардын дүйнөдөгү жалпы саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн факторлор, анын ичинде алар байырлаган чөйрөлөрдүн кыскарышы да себеп болот.

Тема боюнча: ВВС Кыргызстандагы ак илбирсти сактоо жөнүндө даректүү тасма тартты