Баткен. Тажикстандын жарандары кыргыз аткаминерлеринин унаасын таш бараңга алды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Кыргызстандын жана Тажикстандын укук коргоо кызматкерлери Таш-Тумшук айылында болгон окуяны териштирип жатканын билдирди. Анда аймак жетекчилеринин унаасы таш бараңга алынган.

Чек ара аймагында эмне болду?

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 29-июлда Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүү боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабиров Ак-Сай айылына курулган үйлөрдү көргөндөн кийин, Таш-Тумшук айылына келген. Ал жерде өрттөлгөн үйлөрдү кароодон өткөрүшкөн.

Анда өкүлчүлүк саат болжолу 20:10дор чамасында жакын жерде жайгашкан Тажикстандын Хожа-Аъло айылынын 15-20 чакты тургуну чиновниктерге келгенин билдирген. Ортодо пикир келишпестик чыгып, бир тажикстандык атка минерлердин унаасына таш ыргыткан.

Ал эми Сабиров болсо Хожа-Аъло айылынын тургундары аны ур-токмокко алганын билдирди.

«Чиновниктер менен бирге Таш-Тумшуктагы талкаланган үйлөрдү көрүү үчүн келгенбиз. Жазында болгон жаңжалда Тажикстандын тургундары үч үйдү өрттөп кетишкен. Хожа-Аълонун жашоочулары чогулуп, биздин ал жерде жүргөнүбүзгө ачууланып, чагымчылдык кыла башташты. Мен Таш-Тумшукка көп барам, мени алар жакшы билишет. Чогулгандардын арасынан экөө мени көрсөтүп, кол салышты. Унаамдын терезелерин сындырышты. Азыр болсо медициналык кароодон өткөнү келдим», — деп журналисттерге айтып берди.

Териштирүүнү убадалашты

Андан кийин окуяны иликтөө үчүн эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арада жолукканын өблустук өкүлулүк кабарлады.

«Тажикстандын Исфара ИИБинин башчысы Тажикстандын жарандарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча маселе каралып, келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүүнү убада кылды. Ошондой эле таш ыргыткан Тажикстандын жарандарына карата мыйзам чегинде тийиштүү чара көрөөрүн белгиледи. Учурда Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана райондук укук коргоо органдарынын өкүлөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат», – деп билдирди өкүлчүлүк.

Куралдуу жаңжал

Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы чек ара аймагындагы чыр 2021-жылдын 28-апрелинде башталып 1-майга чейин созулган. Куралдуу жаңжалдын башында эки тарап бири-бирин айыптаган.

Тараптардын ок атууну толугу менен токтотуу келишими кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин 1-майда жетишилген. Ал эми 3-майда тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жайларына алып кетүүнү иштерин аякташкан.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги бири бирине кылмыш ишин козгогонун жарыялашкан.

Куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапкан, дагы 154 адам ар кандай деңгээлде жарадар болгон. Тажикстандын бийлиги 19 жаран каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.