Бишкек шаардык кеңештин депутаттары ант берип, фракция лидерлерин шайлашты

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 30-июлда биринчи жыйынга чогулуп, ант беришти. Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды.

Ушул эле жыйында депутаттар фракция лидерлерин дагы шайлашты.

  • 1. «Эмгек» — Жумабек Салымбеков;
  • 2. «Ата-Журт Кыргызстан» — Алымбек Бактыбеков;
  • 3. «Ишеним» — Сайдахмат Аблезович;
  • 4. «Ынтымак» — Казыбек Эргешов;
  • 5. «Өнүгүү-Прогресс» — Манас Абдыллабек уулу;
  • 6. «Социал-демократы» — Кадыр Атамбаев;

«Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Өнүгүү-Прогресс» көпчүлүк коалициясын түзүштү. Көпчүлүк коалициясынын лидерлигине депутаттар «Ишеним» партиясындагы Таалайбек Дайырбековду талапкерлигин сунушташты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагалык кызматына көпчүлүк коалициясы «Ата-Журт Кыргызстандын» депутаты Куванычбек Конгантиевди талапкерлигин көрсөттү.

«Ынтымак» жана «Социал-демократтар» оппозициялык азчылыкты түздү.

Шаардык кеңешке кайра шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июль күнү Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону өттү деп тааныган — шайлоо 11-июлда өткөн.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 104 141 шайлоочу катышып, жараксыз бюллетендердин саны 710ду түзгөн.

18 партиянын ичинен 7%дык босогону Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Социал-демократтар» партиялары өткөн. Алардын ортосунда калаа кеңешиндеги 45 мандат бөлүштүрүлдү.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмокто шаардык кеңештердин кайра шайлоосу өткөн. Кайра шайлоо буга чейинки шайлоонун жыйынтыктары көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып жокко чыгарылгандан кийин болгон.

Материалды даярдаган: Темирлан Доктурбек уулу