Экс-министр Конгантиевдин иниси Бишкек шаардык кеңешке төрага болду

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп дайындалды. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары 30-июлдагы биринчи жыйынында кабыл алды.

Конгантиевдин спикерлик кызматка талапкерлигин «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан түзүлгөн көпчүлүк коалиция көрсөттү.

Куванычбек Конгантиев — мурдагы башпрокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу, ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин иниси. Ал Бишкек шаардык кеңешинин 26 жана 27-чакырылышында «Кыргызстан» жана «Республика» партияларынан депутат болгон.

Депутат Конгантиев дзюдо боюнча Борбор-Азия чөлкөмүнүн директору жана Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти.

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутаттар төраганын орун басарын дагы шайлашты. Ал кызматка «Эмгек» партиясынан Токтосун Султанов дайындалды. Депутат буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары, Биринчи май жана Ленин районун акими болуп иштеген.

Материлды Темирлан Доктурбек уулу даярдады