Парламент коомдук жайларда чылым, кальян чегүүгө тыюу салган мыйзамды үч окууда жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекиден жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Мыйзам долбоору коомдук жайларда тамеки тартууга, анын ичинде электрондук чылым, кальян жана тамекисиз чегүүчү аралашмаларды колдонууга тыюу салууну сунуштайт. Ошондой эле кафе жана ресторандарда кальян чегүүгө тыюу салынат.

Мыйзам долбоору үчүн 78 депутат добуш берди. Бирок, добуш берүү алдында эл өкүлү Нурбек Мурашев мындай мыйзам иштебей турганын, андыктан ушул сыяктуу долбоорлорду кабыл алуунун кажети жоктугун айтты.

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Айнуру Алтыбаева болсо долбоор жарандардын жана балдардын ден соолугун коргоого багытталганын белгиледи.

«Биз биринчи редакцияда ээлик кылган субъекттерге, жарандарга бул мыйзам долбоордун аткарылышы боюнча катуу талаптарды койгонбуз. Пандемияга байланыштуу, ишкердик субъектилерине талаптар бир нече жолу жеңилдетилип, бизнес өкүлдөрүнүн каалоолору эске алынган. Чакан дүкөндөрдө, мектептин жана медициналык мекемелердин жанында тамеки сатууга, аялдамада тамеки чегүүгө, тамеки менен тамеки буюмдарын жарнамалоого салынган тыюуну алып салдык. Ушунун бардыгын алып салдык», — деди ал.

Эл өкүлү анда долбоордун негизги концепциясы — тамеки тартууга тыюу салуу, анын ичинде коомдук жайларда электрондук чылым чегүүгө калян жана аралашмаларга тыюу салуу экенин белгиледи.

«Ошол эле учурда, биз аэропорттордо тамеки тартууга уруксат беребиз, анткени ал жерде атайын тамеки чегүүчү жайларда тамеки тартууга болот […] Биз өкмөттөн корутунда алдык, алар жалпысынан биздин мыйзам долбоорун колдойт. Ошондой эле алар дагы өз сунуштырын киргизишти», —деп билдирди ал.

Анын айтымында, мыйзам долбоорун иштеп чыккандар эксперттердин атайын корутундусуна таянышкан. Алар тамеки чегүүгө багытталган аралашмалар жана суюктуктар тамеки тартпагандар үчүн да тамекидей эле зыяндуу экенин айтышкан.

Депутаттар коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салууну 2019-жылы эле сунушташкан. Анда мыйзам долбоорун демилгечилеринин бири, парламент депутаты Алмазбек Токторов документ саламаттык сактоо комитетинде каралып жатканын «Клоопко» билдирген.

Мыйзам болбоорун демилгелегендер тамеки, электрондук тамеки колдонуудан жана анын түтүнүнөн кыргызтандыктар өлүмгө же майыптыкка кабылып жатканын белгилеп, учурдагы мыйзам бул көйгөй менен күрөшүүдө натыйжасыз экенин билдиришкен.

Тема боюнча: ЖК комитети кафеде тамеки тартууга тыюу салууну биринчи окууда колдоду