Сутка ичинде COVID-19 жуктурган 10 бейтап көз жумду

Республикалык штаб Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 жуктурган 10 бейтап көз жумганын кабарлады.

  • Бишкек — 5;
  • Чүй облусу — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 1.

Штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавируска кабылган 2 311 адам каза тапкан.

Андан тышкары, акыркы суткада COVID-19 жуктуруунун 930 жаңы учуру катталган. Эң көп учур борбор калаада.

  • Бишкек — 574;
  • Ош — 6;
  • Чүй облусу — 128;
  • Ош облусу — 26;
  • Талас облусу — 13;
  • Нарын облусу — 24;
  • Ысык-Көл облусу — 52;
  • Жалал-Абад облусу — 78;
  • Баткен облусу — 57.

Штаблын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө 161 973 коронавирус жуктуруу учуру аныкталган.Штаб сутка ичинде айыгып жана ооруканадан 1 485 бейтап чыкканын дагы билдирди. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча COVID-19 же ооруканадан тышкары пневмониядан 142 984 бейтап айыкты.

Штабдын маалыматына ылайык, 30-июлга карата Кыргызстанда COVID-19га кабылган 3 888 адам ооруканада, дагы 11 483 адам амбулатордук дарыланууда.

Сутка ичинде медиктер арасында илдет жуктуруунун 25 жаңы учуру катталды. Пандемия башталгандан бери 6 442 медкызматкерден коронавирус аныкталган, анын ичинен болгону 5 790 медик айыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлга карата Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 413 миңден ашуун адам сайдырган. Экинчи дозаны алгандардын саны — 114 миңден ашат.