Каракол зоопаркы селден жабыркагандыктан «Бугу-Эне» фонду жардам сурайт

30-июлда Караколдогу жаратылыш кырсыгынан «Бугу-Эне» зоопаркы жабыркаган. Зоопарктын жетекчилери бул тууралуу фейсбук барагында билдиришти.

«Тынымсыз жааган жамгырдан улам Каракол суусу жээгинен ашып, биздин зоопаркты каптады! Тосмолор кулап, кызматкерлер түштөнгөн жалгыз үйдү жууп кетти. Жолдор бузулуп, электр чубалгылары үзүлгөндүктөн жарык өчтү. Колдон келишинче жаныбарларды кургак жерге көчүрүп жатабыз...Ансыз да өп-чап каражат менен жан сактап жүргөндө оңдоп-түздөөгө чыгым болот экенбиз», — деп айтылган билдирүүдө.

«Бугу-Эне» жаныбарларды сактап калууга жардам бергиси келген жарандарга дагы кайрылат, ал үчүн фонд бир нече банктык эсеп менен «Элсом» электрондук капчыгын ачкан:

  • «Демир Банк»: 1180000087152686-KGS; 1180000087152787-USD; 1180000087152888-EUR; BIC/БИК-118005;
  • «Элсом»: 0553634238;
  • «Оптима Банк»: 1091820239920161, BIC/БИК 109018, SWIFT: ENEJKG22⠀

Ысык-көл облусунда 30-июлда катуу жааган жаандан улам дайраларда суунун деңгээли көтөрүп кеткен. Каракол дайрасынын суусу жакынкы үйлөрдү каптап, тургундар эвакуацияланган.

Ошол түнү «Ривер парк» дагы жабыркаган — анын тосмосу менен курулмаларын суу алып кеткен. Парк жакында эле, 2017-жылы курулган болчу. Долбоорду Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID)жана шаар мэриясы менен өнөктөштүктө «Дестинация Каракол» коомдук бирикмеси ишке ашырган. Курулушка 7 млн сом жумшалган.

Тема боюнча:

Балыкчы шаарында жана Тоң районунун бир нече айылында сел жүрдү