Балыкчы шаарында жана Тоң районунун бир нече айылында сел жүрдү

30-июлда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында, Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда жана Кара-Талаа, Оттук айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, таңкы саат 4:30 чамасында жамгыр жаап өтүп, айылдагы турак үйлөрдү суу каптаган. Ошондой эле Ысык-Көлдүн түштүк трассасынын 35-чакырымындагы айрым жерлерди сел алып кеткен. ӨКМден билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган кишилер болгон жок.

Сел каптаган жолдон өтө албай калгандардын бири YouTube каналына видео жарыялап, «унаалар өтө албай, эки сааттан ашык жолдун ортосунда калганын» айтты.

«Жолду сел алып кетти. Кимде-ким Балыкчы же Бишкекке чыгып жаткан болсо, коё турсаңар. Бул жакта унаалар өтө албай жатат. Эки сааттан бери жолдо турабыз», — деди ал.

Тасмадан ондогон кишилердин жолду кол менен тазалап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле, унаалардын узун кезеги жаралганы да тартылган.

Сел жүргөн аймакка Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, министрликтин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев барды. Жеринде жалпы 35 куткаруучу атайын техникалар менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Тема боюнча:

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр

ӨКМ: Таластагы Кара-Буура — Чаткал жолу селден тазаланды

Сузактын бир нече айылдарында сел жүрүп, 6 жашар кыз каза болду