Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын дагы 1 млн 250 миң дозасы келди

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Кыргызстанга Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы келгенин билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен вакцинанын 1 млн 250 миң дозасы сатып алынган.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 

Басма сөз кызмат июлдун башында кытай вакцинасынын 1 млн 100 миң дозасы сатып алынганын белгиледи. Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан Sinopharm’дын 2 млн 350 миң дозасын сатып алды.

Кыргызстан боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок элди эмдөөдөн өткөрүп баштоо өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин гана, коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жаткан шартта араң июль айында башталган.

Учурда кыргызстандыктарга вакцинанын үч түрү жеткиликтүү: Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 1-августка карата өлкө боюнча 450 миңден ашуун адам эмдөөдөн өткөн. Алардын ичинен 116 миң адам экинчи дозаны сайдырган.