Олимпиада: Мээрим Жуманазарова чейрек финалда 2:3 эсебинде утулду

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, атаандашынан 2:3 эсебинде утулду. Ал жарым финалга өтө алган жок. 

Жуманазарованын алгачкы атаандашы болгариялык спортчу Мими Николова Христова болду. Айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык спортчу акыркы секунддарда 7:5 эсебинде атаандашын утуп, чейрек финалга чыккан болчу.

Мындан кийинки беттеште нигериялык спортчу Блессинг Оборудуду финалга чыкса, анда Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөшөт. 

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль уткан. 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган. Ал кыз-келиндер арасындагы күрөштө 76 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Жапониянын Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Кыргызстандын күрөш боюнча олимпиадалык курамасы Токиого 28-июлда учуп кеткен. Алардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова дагы бар.

Олимпиадада биринчи болуп килемге Айпери Медет кызы чыгып, ал жарым финалга чейин эки беттеш өткөргөн. Биринчи беттеште казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсебинде, чейрек финалда орусиялык спортчу Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде уткан. Ал жарым финалда АКШнын спортчусу Аделайн Мариа Грей менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашынан утулган.

Бирок Медет кызыныны кыргызстандык күйөрмандары калыстар мелдешти «туура эмес баалашканын» айтып нааразы болушууда. Алар калыстар америкалык спортчуга «ачык эле тартып коюшту» деген пикирде.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова таймашка 3-августта саат 08:30да чыгат.

Башкы беттеги сүрөт: Sport AKIpress