Сокулукта Акпай тоо көлү жырылып, 8 чабан эвакуацияланды

2-августта Чүйдүн Сокулук районундагы Акпай тоо көлүнүн дамбасы жырылып, Сокулук-Шаркыратма жолунун 37 чакырымындагы 400 метр жолду суу каптады. Кырсык болгон аймактан сегиз чабан үй-бүлөсү менен коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тоо көлүндөгү дамбанын жырылуусунан улам Сокулук дарыясында суусунун көлөмү көбөйгөн. Анда болжол менен 20 куб суу агып жатат. Жээкке жакын жашаган тургундар үйлөрүн таштап, коопсуз жайларга кетишүүдө.

ӨКМден билдиришкендей, учурда куткаруучулар тоо көлүнүн абалын көзөмөлдөө жана себебин аныктоо үчүн Акпай тоо көлүнө жөнөп кетти.

«Суунун багытын көзөмөлдөө иштери уланып жатат жана бардык кырсыктын алдын алуу каражаттары даяр. Ал эми куткаруучулар атайын унаа менен калкка кабарлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат», — деп жазылган маалыматта.

Жырылып кетүү коркунучундагы эки миңден ашык көл бар

Кыргызстанда эки миңге жакын көл бар. Алардын көпчүлүгү деңиз деңгээлинен 2500 метрден 4000 метрге чейинки бийиктиктен орун алган. Акпай тоо көлү Сокулук районунун аймагында жайгашкан.

Буга чейин, 30-июлда ӨКМдин мониторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиев «Би-Би-Сиге» курган маегинде «бийик тоодо жайгашкан Акпай көлү жырылуу коркунучунда» экенин билдирген.

«Акпай көлүнүн мөңгү астындагы чөйчөгү толуп, 300 миң куб метрге жакын суу топтолду. Чөйчөктүн ылдый жагында дамба бар. Ошол жер жырылып кете турган болсо, суу ашып, сел пайда болот. Сокулук дарыясына кошулуп, ылдый жактагы айылдарды жана объектилерди каптап кетиши мүмкүн», — деп эскерткен ал.

Айталиев топтолгон суунун көлөмүн азайтуу үчүн керектүү жабдыктарды сатып алып орнотуларын билдирген.

Ал эми ӨКМдин талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын башчысы Даур Сакиев бийик тоо арасында жырылып кетүү коркунучундагы эки миңден ашык көл бар экенин билдирген. Алардын арасында кооптонуу жараткан биринчи категорияда он жети көл бар экенин кошумчалаган.

2017-жылы Ысык-Ата районунун үстүндөгү Челек-Төр көлү дамбанын түбүн жарып чыгып, селге айланган. Анын кесепетинен жолдогу кашарлар, көпүрөлөр бузулган.