Ысык-Көл: 350гө чукул турак жайдын короосун суу каптап, анын ичинде 67 үйдүн ичине суу толду

ӨКМдин басма сөз кызматы 2-августта Ысык-Көл облусундагы селдин кесепетинен 342 турак жайдын короосун суу каптап, анын ичинде 67 үйдүн ичине суу толуп калганын билдирди. Эки турак үй авариялык абалда, дагы экөө жашоого мүмкүн эмес деп табылды.

Бөрү-Баш айылында үйлөрдү суу каптоо коркунучунан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Андан тышкары, жол жана сугат каналдары жабыркаган.

ӨКМ маалыматына караганда, сел каптоодон кийин облусту калыбына келтирүүгө 27 даана атайын техника тартылган. Ведомстводон 1-августта куткаруучулары дарыялардын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүп, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Жыргалаң сууларынын нугун таштандыдан тазалаганын билдиришкен.

Бүгүн, 2-августта куткаруучулар жолдорду тазалап жатышат.

Ысык-Көл облусундагы сел

Ысык-көл облусунда 30-июлда катуу жааган жаандан улам дайраларда суунун деңгээли көтөрүп кеткен. Каракол дайрасынын суусу жакынкы үйлөрдү каптап, тургундар эвакуацияланган.

Ошол түнү «Ривер парк» дагы жабыркаган — анын тосмосу менен курулмаларын суу алып кеткен. Парк жакында эле, 2017-жылы курулган болчу. Долбоорду Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID)жана шаар мэриясы менен өнөктөштүктө «Дестинация Каракол» коомдук бирикмеси ишке ашырган. Курулушка 7 млн сом жумшалган.

Тема боюнча:

Каракол зоопаркы селден жабыркагандыктан «Бугу-Эне» фонду жардам сурайт