Бир кадр менен: Акжол Махмудовдун чоң атасы небересинин беттешин күтүүдө

Камал Махмудов (ортодо). Сүрөт: Бекболсун Кайыпов

Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча финалга чыккан балбан Акжол Махмудовдун чоң атасы Камал Махмудов небересинин беттешин күтүүдө. Махмудовдор Ош облусунун Араван районуна караштуу Кызыл-Абад айылында чогулушкан.

Камал Махмудов «Клооптун» журналистине курган маегинде небересинин бир да беттешин калтырбай көрүп, алтын медалга үмүт артып жатканын айтты.

«Бүгүн, Кудай кааласа, эң кубанычтуу күндөрдүн бири. Себеби, Кудай каалап, насип кылса, неберем [Олимпиадада] биринчиликти алып, элдин кызматында, журттун кызматында болуп, Кыргызстандын байрагын мындан да бийик көтөрүп, элге, журтка, мамлекетке таанытат», — деди Камал Махмудов.

Акжол Махмудов 2-августта жарым финалда армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде уткан. Ал эми турнирдеги биринчи беттеште ал тунистик спортчу Ламьед Маафинини 11:0, кийин черек чейрек финалда азербайжандык балбан Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде уткан.

Махмудов бүгүн 3-августта турнирдин финалында венгриялык спортчу Тамаш Лёринч менен алтын медал үчүн күрөшөт.