Коронавирустан 10 адам каза болуп, 797 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын 3-августка карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 797 жаңы учуру катталып, 10 адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек - 445
  • Ош шаары - 3
  • Чүй облусу – 123
  • Ош облусу – 13
  • Талас облусу - 20
  • Нарын облусу - 16
  • Ысык-Көл облусу – 51
  • Жалал-Абад облусу – 70
  • Баткен облусу - 56

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 165 540га жетти.

Бүгүнкү күндө 3 493 бейтап ооруканаларда, ал эми 9 174 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле өткөн суткада 1 794 адам ооруканадан айыгып чыкты, айыккандардын жалпы саны 149 171 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 354 киши коронавирустан каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.