Кемин районунда 2-августта 15 жашар кыз көз жарды. Бул факт боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Чүй облусттук ИИББдин басма сөз кызматына таянып АКИpress жазды.
Милициядан 3-августта аларга 2006-жылы туулган, жашы жете элек кыз төрөгөнү тууралуу кабар келгенин билдиришти.
Чүй ОИИББдин маалыматына караганда, жашы жете элек кыз үч жашынан бери ажырашып кеткен ата-энесинин бири менен Орусияда жашаган. Өткөн жылы аны 2001-жылы туулган бала менен тааныштырып, нике кыйдырышкан.
«Нике кыйылгандан кийин күйөөсүнүн ата-энеси менен Орусияда жашап жүргөн. Ал эми ай-күнү жеткенде Кыргызстанга төрөш үчүн келген. Бул жакта Кемин районунун айылдарынын биринде “жолдошунун” туугандарыныкында жашап жаткан. 2-августта төрөгөн», — деп билдиришти ОИИББден.
Аталган факт КЖБРге «Он алты жашка чыга элек менен сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет» беренеси менен катталды.
Жаңы туулган наристенин атасына өспүрүм кыз менен сексуалдык мамилеге барганы үчүн IV категориядагы жаза мөөнөтү каралган — бул 7,6 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу. Эгерде сексуалдык зомбулук болгон болсо, V категориядагы — 10 жылдан 12,6 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.
Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт колдонулду.