«Кыргызкөмүрдүн» жамааты коррупцияга шектелип кармалган жетекчиси боюнча президентке кайрылды

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жамааты коррупцияга шектелип кармалган жетекчиси Канатбек Ашырбаев боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Кайрылууда ишкананын эмгек жамааты президенттен объективдүү иликтөө жүргүзүүнү камсыздап берүүнү, тергөөгө көз карандысыз адисттерди тартууну суранышты.

* «Кыргызкөмүрдүн» директору Канатбек Ашырбаев 3-августта УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Атайын кызмат ага «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схема түзгөн деп айып таккан. УКМК экспертиза мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү 370 миң тоннага, ал эми акчасы 600 млн сомго аз көрсөтүлгөн деп маалымдаган.

Ишкананын жамааты кайрылууда Ашырбаевге байланышкан иште тергөө кызматы анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске албай жатканын айтышкан. Алардын айтымында, 370 тонна көмүрдү уурдап кетүү эч мүмкүн эмес.

«Ишкананын мындай көлөмдөгү көмүрүн уурдоо мындай турсун, аны Бишкектеги ЖЭБке жеткирүү үчүн жетиштүү ресурстары жок. Анткени бул көлөмдөгү көмүргө 18 500 унаа керек», — деп жазышкан алар.

Ошондой эле, эмгек жамаат Ашырбаевге жалган жалаа жабылып жатканын, ал өндүрүштөгү жана көмүр кениндеги коррупцияны жоюга максималдуу салым кошкон деп айтышууда. УКМК «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директорун жана «Кара-Кече» филиалынын эсепчисин 4-августта кармаган. Алар ишканадагы коррупцияга шектелип жатышат.

Тема боюнча:

«Кыргызкөмүрдүн» директору менен «Кара-Кеченин» эсепчиси коррупцияга шектелип кармалды