Бир кадр менен: Садыр Жапаров Борбор Азиянын президенттери менен яхтада

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали фейсбук барагында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын сүрөтүн жарыялады. Сүрөттөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтүп жаткан Түркмөнстанда тартылган.

Сүрөттөрдү Уали «Борбор Азия лидерлеринин бейформал жолугушуусу деп» жазган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери. Сүрөт: Берик Уали

Сүрөттөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык беш президентин — Садыр Жапаровду (Кыргызстан), Шавката Мирзиёевди (Өзбекстан), Эмомали Рахмонду (Тажикстан), Касым-Жомарт Токаевди (Казакстан) жана Гурбангулы Бердымухамедовду (Түркмөнстан) көрүүгө болот.

«Түркмөнстандын алтын кылымы» мамлекеттик сайты мамлекет башчылары яхта менен Каспий деңизине чыгып сейилдешкенин билдирет.

Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусу Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өтүп жатат, шаар Каспий деңизинин чыгыш жээгинде, өлкөнүн батышында жайгашкан.

Жапаров Түркмөнстанга расмий иш сапары менен 5-августта жөнөп кеткен. Президенттин басма сөз кызматы сапардын алкагында өлкө башчысы соода-экономикалык, энергетика, транспорт жана коммуникация багытындагы аймактар аралык кызматташтык маселелерин талкуулай турганын билдирген. Ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар көрүү маселеси дагы талкууланмакчы.