Олимпиада: Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду

Эркин күрөш боюнча Токио Олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев менен атаандашы индиялык Бажраң Пунианын таймашы 3:3 эсебинде аяктады. Ага карабай, калыстар техникалык артыкчылыктары үчүн жеңишти индиялык спортчуга ыйгарышты.

Кийинки беттеште индиялык спортчу Бажраң Пуниа башка атаандаштарын жеңип, финалга чыга турган болсо Эрназар Акматалиевге коло медаль үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

23 жаштагы Акматалиев үстүбүздөгү жылдын апрель айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо алган.

Анын атаандашы 27 жаштагы Бажраң Пуниа Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону.

23-июлда Жапониянын Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары башталган. Олимпиадага жолдомо алган кыргыз спортчулары азырынча өлкө куржунуна эки күмүш, бир коло медаль алып келди. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жана эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медалды багындырса, 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.