Ысык-Көл: Наркы 100 миллион сомго тете жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы «Каухар» пансионатына жакын аймактан 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Ал жердин наркы 100 миллион сомго тете. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн жээгиндеги 10 гектар жер 1999-жылы 31-мартта Кара-Ой айыл өкмөтү тарабынан Ш.Э. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткен.

«Жер тилкесин мамлекетке алуу максатында облустук прокуратура сот органдарына доо арыз менен кайрылып, ал бардык инстанциялар тарабынан канааттандырылды», — деп жазылат билдирүүдө.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчикке берилип кеткен жер мамлекеттин балансына кабыл алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Ош шаардык прокуратурасы жеке менчикке өтүп кеткен 3,6 млн сомдук жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарган. 2008-жылы Ош мамлекеттик университетине караштуу болгон 154 чарчы метр жер тилкеси А.С. аттуу жаранга менчикке берилип кеткен.

Тема боюнча:

Ош прокуратурасы мэрия тарабынан мыйзамсыз сатылган жерди кайтарды

Дарактардын ордуна курулган хан сарайлар. Бишкек Бийлиги Ататүрк паркынын 30%дан көбүн кантип жок кылган? Kloop.kg менен OCCRPнин иликтөөсү

Ататүрк паркындагы экс-аткаминерлердин участоктору. Алар сейил бактын жерлерин кантип алышкан?