Ишкерлерге басым жасаган Бишкектин прокурору кызматтан алынды

Марсбек Кыдыкбаев

Бишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев жеке ишкерлерге басым жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратура 6-августта кабарлады.

Маалыматка ылайык, алгач Бишкектин прокуратурасы курулуш компаниялардын бирине турак жай комплексин куруу үчүн уруксат берүүчү документтерин текшерген.

«Анын жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталбаса дагы, шаардык прокуратуранын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен тиешелүү органдарга негизсиз прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, материалдар дагы КЖБРга негизсиз түрдө катталгандан кийин курулуш компаниясынын жетекчиси кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган», — деп берилет билдирүүдө.

Курулуш компаниянын өкүлдөрү Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышып, анын негизинде көзөмөл орган борбор калаанын прокуратурасынын кызмат адамдарынын аракеттеринин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун текшерген. Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында мыйзамсыз ачылган сотко чейинки өндүрүштү кыскартылды.

Ошондой эле Бишкек шаардык прокуратурасынын бир катар кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, Марсбек Кыдыкбаев кызматынан алынды.

Кыдыкбаев бул кызматка үстүбүздөгү жылдын февраль айында дайындалган. Буга чейин ал Токмок шаарынын прокурору болгон.

2012-жылы Кыдыкбаевге «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» жана «Документтерди колго жасоо» беренелери менен айып тагылган. Ал тергөө абагына киргизилип, бирок көп өтпөй үй камагына бошотулган. Кийинчерээк сот аны актады.

Кыдыкбаев жаңы кызматка келгенге чейин адвокат болуп иштеп жүргөн.