COVID-19: Акыркы суткада 10 бейтап каза болуп, 602 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 8-августта коронавирус жуктуруунун 602 жаңы учуру катталып, 10 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек шаарында — 287;
  • Жалал-Абад облусунда — 78;
  • Ысык-Көл облусунда — 70;
  • Чүй облусунда — 68;
  • Баткен облусунда — 33;
  • Нарын облусунда — 23;
  • Талас облусунда — 19;
  • Ош облусунда — 18;
  • Ош шаарында — 6;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 169 017ге жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 1 478 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен өлкө боюнча 156 925 киши оорудан айыкты. Учурда ооруканаларда 2 947 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 5 359.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган он бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдеттен 2 399 киши көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 8-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 8 570 адам, ал эми экинчи дозасын 11 330 адам алды.