Саламаттык сактоо министрлиги AstraZeneca менен эмдөө уланарын билдирди

Кыргызстанда 9-августтан тартып коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө улантылат. Ал эми буга чейин аталган вакцина менен эмделгенден кийин өзүн жаман сезген 56 жоокердин абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлик Ала-Букадагы аскер кызматкерлеринин абалы вакцинадан эмес, алардын ашыкча тынчсыздануу жана коркуу сезиминен болгонун билдирди.

«Эмдөөдөн кийинки клиникалык симптомдор — дене табынын көтөрүлүшү, баш оору организмдин вакцинага болгон реакциясы катары бааланды. Буга жоокерлердин корккону да себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик 56 аскер кызматкери AstraZeneca вакцинасынын кыйыр таасирине учураганы тууралуу маалымат алган соң, атайын комиссия түзүлүп, консультативдик жардам көрсөтүү үчүн Ала-Букага жөнөп кеткенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы вакциналардын бардык катталган терс таасирлери олуттуу эместигин баса белгиледи. Вакцина алган соң пайда болгон эң негизги белгилер: ийне сайылган жердин оорушу, баш оору, дене табынын жогорулашы. Мунун бардыгы 12-24 сааттын ичинде өтүп кетет.

Буга чейин, 6-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтоткон. Ага Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы 44 аскерлердин AstraZeneca вакцинасын алсан соң өздөрүн жаман сезгени себеп болгон.

Маалыматка ылайык, аскерлер 5-августта эмделген. Андан кийин төрт кишинин дене табы 39 градустан ашып, баш ооруу пайда болгон. Дагы 40 аскердин дене табы 37,1-38 градуста кармалып турган.

Кыргызстанга AstraZenecaнын 40 миң дозасын Азербайжан бийлиги гумжардам катары берген. Кийинчерээк COVAX программасы аркылуу дагы 226 миң 560 доза жеткирилген.

Министрлик билдирүүсүндө Жалал-Абад облусуна AstraZenecaнын 4 миң дозасы бөлүнгөн.

Кыргызстан жана AstraZeneca

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан COVAX программасы боюнча 1,2 млн доза англо-шведдик AstraZeneca вакцинасын алаарын билдирген.

Марттын башында Германия жана Франция баштаган бир катар Европа өлкөлөрү бул вакцина менен эмдөөнү токтоткон. Буга эмдөөдөн кийин айрым адамдарда тромб пайда болгону себеп болгон.

Ал эми Евробиримдиктеги эмдөөнү координациялаган Европанын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) жана ДССУ азырынча адам өлүмүнө вакцина себепкер болгону далилденбегенин, андыктан AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган.

Анда Кыргызстан экспертизанын жыйынтыгын күтүп, андан соң гана аталган вакцинаны алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууну чечкен. Ал эми 22-мартта Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Глобалдык эксперттик комиссиясынын AstraZeneca вакцинасы боюнча корутундусун алган.

ДССУнун эксперттик тобу AstraZeneca вакцинасынан кийинки терс таасирлер адамдын коштоочу оорулары болсо гана пайда болот деп эсептейт. Алар AstraZeneca менен эмделүүнү сунушташкан. Кыргызстанда эмдөө кампаниясы марттын аягында башталган.