Бекешев Акаевдин Кумтөр боюнча кечиримин «жоопкерчиликти маркумга жүктөө» деп атады

Дастан Бекешев / Аскар Акаев / Феликс Кулов

Мурдагы президент Аскар Акаевдин Кумтөр үчүн кечирим сураганы сынга алынды. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев реакция кылып, Акаевдин Кумтөр боюнча кечирим сураганын жоопкерчиликти ошол убакыттагы өкмөткө жүктөп жаткандай түшүнгөнүн билдирди.

«Менин түшүнүгүм боюнча, ал [Акаев] Кумтөр боюнча жоопкерчиликти [өкмөттү 2002-2005-жылдар жетектеген] Николай Танаевге жүктөп жатат. Бирок ал дүйнөдөн өтүп кеткен. Жоопкерчиликти маркумдарга жүктөө оңой», — деди Бекешев.

*Николай Танаев 2002-2005-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болгон. Кумтөр кени боюнча келишим 2003-жылы анын алдында реструктуризацияланган. Танаев «жоогазын революциясынан» кийин өлкөдөн качып, 2020-жылдын июль айында Орусияда каза болгон. Ошондой эле депутат Акаевдин кечирим суроосу «эмоциясыз, өкүнүүсүз, чын дилден эмес» болгонун, мурдагы президент башка жасаган иштери үчүн кечирим суроону көздөбөй жатканын дагы билдирди.

Ал эми «легендарлуу парламенттин» мүчөсү Феликс Кулов өкмөт Кумтөр боюнча келишим түзүлүп жатканда Жогорку Кеңештин комиссиясы көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаганын билдирди. Бирок, Куловдун айтымында, Акаев депутаттардын пикирине кулак салган эмес.

«Комиссиянын 9 айлык ишинин жыйынтыгында “Камеко” менен келишим түзүүдө коррупциялык көрүнүштөр жана өлкөнүн жетекчилигинин ылайыксыз аракеттерин ачыктаган кыжырды кайнаткан фактылар чыккан», — деди Кулов.

Куловдун айтымында, ал 1992-жылы «Камеко» менен келишим түзүлүп жатканда вице-президент кызматы ээлеп, ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган. Ал эми фактылар ачыкталгандан кийин Кулов вице-президенттикти тапшырып, ошол убакыттагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышевдин отставкасын талап кылган.

«Мен Акаевдин сөздөрүнө комментарий бергим келбейт, бирок ал ошол учурда депутаттардын сөзүн укканда азыр эл алдында кечирим сурайбайт эле. Анын ордуна ал “легендарлуу парламентти” таратууну чечкен. Таратуунун эң негизги жана жалгыз себеби Кумтөр болчу», — деди Кулов.

*350 депутаттан турган «легендарлуу парламент » 1994-жылы «бийликтин бутактарынын ортосунда пайда болгон тирешүүлөр менен пикир келишпестиктерден» улам мөөнөтүнөн мурда таратылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кумтөр үчүн кечирим сурайм». Аскар Акаев Москвага учуп кетти