Эл артисти Искра Райымкулованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Республикасынын эл артисти Искра Райымкулова 9-августта жерге берилди. Актрисанын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтен билдиришкендей, Искра Райымкулова менен коштошууга Минкабдын төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана актрисанын туугандары жана замандаштары катышты.

Эл артисти үстүбүздөгү жылдын 8-августунда 84 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Искра Райымкулованы президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Минкабдын төрагасы Улукбек Марипов жана башка аткаминерлер эскеришти.

«Кыргыз элибизге бүтүндөй өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагында өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү актриса Искра Райымкулованын жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият жана искусство сүйүүчүлөрдүн, замандаштарынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп жазылат президенттин басма сөз кызматынын эскерүүсүндө.

Таланттын учкуну

Искра Райымкулова 1937-жылы Кемин районунун Шабдан айылында туулган. Чыгармачылык жолун 1957-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса болуп иштеп баштаган.

Ал Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасында Жеңишбектин легендага айланган образын жаратып, улуттук театрдын тарыхына кирген. Ошондой эле ал У. Шекспирдин «Король Лиринде» Корделиянын, М. Каорунун «Уурдалган өмүрүндө» Кэйдин, В. Делмардын «Эртеңкиге ордуңду бошот» чыгармасында Люсейдин, Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолунда» Алимандын образдарын жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.

Ал эми кыргыз кино искусствосунда «Алымкан» көркөм тасмасында «Алымкандын, «Каныбек» жана «Он үчүнчү небере» кино тасмаларында башкы каармандардын образын жараткан.