Минкаб Баткендеги чек ара чырында жабыр тарткан ишкерлерге кенемте бөлөт

Минкабдын басма сөз кызматы өлкө бийлиги чек ара чырында жабыр тарткан ишкерлерге жардам берүүнүн жолун тапканын кабарлады. Жардам көрсөтүү тартиби тууралуу токтомго минкабдын төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Токтом кол коюлган күндөн тартып иштеп баштайт.

Бизнеске колдоо көрсөтүүгө эмне кирет?

Министрлер кабинети «Айыл Банк» ААК менен «РСК Банк» ААКга катардагы баткендиктер менен ишкерлер 2021-жылдын 28-апрелине чейин алган зайымдык каражаттарын белгиленген тартипте эсептен чыгарууну сунуштады. Эсептен чыгаруу жана реструктуризация 2021-жылдын 28-30-апрелинде чек ара жаңжалында жабыр тарткандарга тиешелүү*.

*Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген. Тараптар кошумча күчтөрү менен каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жерлерине алып кетүүнү 3-майда араң жыйынтыкташкан.

Ошондой эле, экономика жана финансы министрлиги жабыр тарткан ишкерлерге зыяндын ордун толтуруу үчүн бир жолку 14 млн 505 миң сом өлчөмүндөгү кенемте төлөп берет. Дагы 15,2 млн сомду ведомство чек ара жаңжалында жабыр тарткан 76 бизнес субьектисине бюджеттик насыя катары берет.

Тема боюнча: Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары

Насыя бардыгына бирдей, 200 миң сом өлчөмүндө берилет, алардан күрөө талап кылынбайт. Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, насыяны төлөө мөөнөтү үч жыл, анын биринчи жылы жеңилдетилген. Насыянын пайыздык үстөгү жылына 0,1%, кварталда бир жолу бирдей сумма менен төлөп туруу керек.

Буга чейин минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жабыр тарткан ишкерлер бирдей жардам жана пайызсыз насыя алганга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирген.

Анын айтымында, ӨКМ, экономика жана финансы министрлиги, ошондой эле келтирилген зыянды жеринде баалаган комиссиялар чыгымдарды ар башкача эсептеген.

«Жергиликтүү бийлик органдары чыгарган зыяндын өлчөмү ӨКМ менен Экономика жана финансы министрлиги эсептеген суммадан көп болууда. Жергиликтүү бийлик берген цифраларды бекитүү чечими кабыл алынган. Алардын маалыматы боюнча, ишкерлер 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыянга учураган», — деп белгиледи минкабдын төрагасынын орун басары.

Чек ара жаңжалы

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген. Ал эми 3-майда тараптар кошумча күчтөрү менен каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жерлерине алып кетүүнү жыйынтыкташкан.

Тажикстан тарап каза болгондор менен жаракат алгандар тууралуу 6-майда гана маалымат жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгон.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян

Июнь айынын башында бир катар кыргызстандык укук коргоочулар, коомдук уюмдар жана юристтер Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна (ЭКС) кайрылышкан. Алар Кыргызстандын «жай тургундарына каршы аскердик кылмыш жасоо фактысы боюнча» Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы кол башчысына карата тергөө жүргүзүү тууралуу өтүнүч келтирген.

15-июнда ЭКСнын канцеляриясы арызды каттоого алганы белгилүү болгон. Бирок президент Жапаровдун администарциясы укук коргоочуларды Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда «чыңалуу жаратууда» деп айыптаган.

Тема боюнча:

Ыктыярчы топ: Баткенде курулуп жаткан үйлөр коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Баткен: Президент 6-майда капсула салган объекттин курулушу алигече башталбай турат