Тажикстанды сотко берген Токтогазиева: Президенттик аппарат унчукпай эле койсо жакшы болмок

Сания Токтогазиева

Президенттик аппарат 16-июнда юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиеванын жана укук коргоочулардын тажик аскерлеринин Баткен элине кол салганы боюнча Гаага шаарындагы Эл аралык сотко кайрылганын сынга алды. Мындай билдирүү Эл аралык сот юристтердин арызын каттоого алгандан кийин жасалды.

Аппараттан «маселе тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн» деп божомолдошту.

«Чек ара маселелери тең салмактуу мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Тажикстанды Эл аралык сотко берген юрист Сания Токтогазиева президенттин администрациясынын кайрылуусуна «Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын ушинтип ачыктан ачык тебелегенче таптакыр унчукпай эле коюшса болмок!» деп жооп кайтарды.

«Мен бул билдирүүнү президенттин администрациясынын, президенттин өзүнүн жана жалпы мамлекеттик машинанын коом алдында маскара болуусу деп эсептейм. Аталган билдирүү президенттик администрациянын Эл аралык кылмыш сотунун иши тууралуу таптакыр түшүнүгү жоктугунан кабар берет», — деди Токтогазиева.

Ошондой эле, юрист сотко арыз мамлекеттик органдардын атынан эмес, жабыркагандардын, жарандык коомдун жана юристтердин атынан жазылганын баса белгиледи.

Юридика илимдеринин доктору 14-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасы кайрылууну каттаганы боюнча расмий кат алганын маалымдаган.

Токтогазиева Тажикстандын аскерлеринин Кыргызстандын тынч жарандарына каршы аскердик чабуул жасаганы боюнча фактыларды Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна 7-июнда жолдогон.

Анын кайрылуусун бир катар укук коргоочулар, юристтер, журналисттер жана коомдук уюмдар колдогон — алар агрессияны далилдеген фактыларды чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам беришкен.

Ошол эле учурда Токтогазиева УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратура жардам бермек турсун, маалымат берүүдөн баш тарканына нааразы болгон.

«Нормалдуу өлкөлөрдө Эл аралык сотторго мамлекеттик органдар кайрылууга милдеттүү. Алар өзүнүн функцияларын аткарууну каалабаганы аз келгенсип, көңүл кош карабаган жарандарга тоскоол жаратып жатышат», — деп билдирген анда Токтогазиева.

Тажикстандын аскерий агрессиясы

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

29-апрелде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Куралдуу агрессиядан Баткендин Баткен жана Лейлек райондорунда 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле, 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, ал Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин жана өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салына турганын айткан.

Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле, учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» деп баалап, 11 сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирген.