ЦУМда адамдар барымтага алынганы тууралуу жалган маалымат тараткандар изделүүдө

УКМК милиция кызматкерлери менен бирге 9-августта ЦУМда адамдар барымтага алынды деп кабарлаган адамдарды издеп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз борборунан кабарлашты. Ведомство маалымат жалган болуп чыкканын белгиледи.

Сүрөт: Дилде Шатанова/Клооп. 

УКМКдан жардыруу же өрт коюу даярдалып жатканы тууралуу атайылап жалган билдирүү тараткандарга 180 сааттан 240 саатка чейинки коомдук иштерге тартуу же 5 миңден 30 миңге чейин айып салуу жазасы каралганын белгилешти.

Ошондой эле мындай мыйзам бузуу үчүн бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же үч жылга чейин эркинен ажыратууга болот.

Эмне болду эле?

9-август күнү кечке маал милиция кызматкерлери Бишкектеги ЦУМдун имаратын курчоого алган. Универмагдын кызматкерлери менен кардарлары эвакуацияланган. Расмий маалыматтын жоктугунан бул аралыкта окуянын бир нече версиясы айтылган.

Атап айтканда, Vesti.kg басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, белгисиз эки аял имараттын ажаатканасында жаш балдарды барымтага алганын жазган. Башка маалыматтарда имаратка бомба коюлганы айтылган.

Кийин милиция кызматы аларга ЦУМда «кара чүмбөт кийип, колуна баштык көтөргөн шектүү аял жүрөт» деген билдирүү түшкөнүн айтып берген.

Милиция кызматкерлери имаратты толугу менен текшерип, шектүү адамды да, шектүү буюмду дагы тапкан эмес. Болжол менен 18:10до соода борборунун кызматкерлери имаратка киргизиле баштаган.

Андан соң, милиция ЦУМдун маңдайында жайгашкан ГУМдун имаратын курчоого алган. Бирок 18:38де милиция кызматы ГУМда бомба коюлганы тууралуу маалымат такталбаганын билдирип, курчоо алынып салынган.