УКМК ЦУМда бомба коюлган деп жалган билдирүү кылган шектүүнү кармады

УКМКнын басма сөз кызматы «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүндө жардыруучу түзмөк коюлган деп жалган билдирүү кылган шектүү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 1994-жылы туулган Г.З.А. атуу кыргызстандык ГУМ соода борборунан жаңы сим-карта сатып алып, ал аркылуу милицияга ЦУМ «Айчүрөк» соода борборунда бомба коюлуп, адамдар барымтада экенин билдирген.

ЦУМда бомба коюлганын кабарлаган шектүү. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

«Терроризм актысы тууралуу жалган билдирүү таратуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул ишке тиешеси бар болушу мүмкүн адамдар же уюштуруучулар изделип жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, бул кылмышка шектүүнүн мурдагы күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон — ал ЦУМда соода аянтын ижарага алып иштетет.

УКМКдан кошумчалашкандай, «айрым жарандардын ушул сыяктуу жоопкерчиликсиз жана ойлонулбаган аракеттери укук коргоо органдарынын күчү менен каражатын алардын өлкөдө коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруудан алаксытат».

Буга чейин коопсуздук комитети жардыруу же өрт коюу даярдалып жатканы тууралуу атайылап жалган билдирүү тараткандарга 180 сааттан 240 саатка чейинки коомдук иштерге тартуу же 5 миңден 30 миңге чейин айып салуу жазасы каралганын эскерткен.

Ошондой эле мындай мыйзам бузуу үчүн бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же үч жылга чейин эркинен ажыратууга болот.

Эмне болду эле?

9-август күнү кечке маал милиция кызматкерлери Бишкектеги ЦУМдун имаратын курчоого алган. Универмагдын кызматкерлери менен кардарлары эвакуацияланган. Расмий маалыматтын жоктугунан бул аралыкта окуянын бир нече версиясы айтылган.

Атап айтканда, Vesti.kg басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, белгисиз эки аял имараттын ажаатканасында жаш балдарды барымтага алганын жазган. Башка маалыматтарда имаратка бомба коюлганы айтылган.

Кийин милиция кызматы аларга ЦУМда «кара чүмбөт кийип, колуна баштык көтөргөн шектүү аял жүрөт» деген билдирүү түшкөнүн айтып берген.

Милиция кызматкерлери имаратты толугу менен текшерип, шектүү адамды да, шектүү буюмду дагы тапкан эмес. Болжол менен 18:10до соода борборунун кызматкерлери имаратка киргизиле баштаган.

Андан соң, милиция ЦУМдун маңдайында жайгашкан ГУМдун имаратын курчоого алган. Бирок 18:38де милиция кызматы ГУМда бомба коюлганы тууралуу маалымат такталбаганын билдирип, курчоо алынып салынган.