Медицина илимдеринин доктору, профессор Макенжан Мүсүралиев дүйнөдөн кайтты

Медицина илимдеринин доктору, профессор Макенжан Мүсүралиев 68 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалыматты аталган окуу жайдын басма сөз кызматы жарыялады .

Макенжан Мүсүралиев 1954-жылы 3-январда Талас районунун Талды-Булак айылында туулган. 1977-жылы ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Профессор 1992-жылдан бери КММАнын Акушердик иш жана гинекология кафедрасын жетектеп келген.

Мүсүралиев 210дон ашуун илимий эмгектердин, 7 монография жана 23 окуу-методикалык куралдын автору. Ошондой эле Москва шаарындагы Көз карандысыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.