Ырчы, алып баруучу Миргүл Эшбаева ЖКнын басма сөз кызматына келди

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына ырчы, журналист жана теле алып баруучу Миргүл Эшбаева дайындалды. Маалыматты «Клоопко» Эшбаева өзү тастыктады.

Эшбаеванын айтымында, ал парламенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жаңыл Купешеванын ордуна убактылуу келди.

«Мен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында бош орундар бар экенин угуп, резюме жөнөткөм. Сынак аркылуу кабыл алындым. Буга чейин бул кызматты аркалаган айым декреттик өргүүдө экен. Ал декабрь айында келсе ордун бошотуп берем», — деп билдирди ал.

Миргүл Эшбаева деген ким?

38 жаштагы Миргүл Эшбаева Чаткал районунда туулган. Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумун, кийин ЖАМУнун журналистика бөлүмүн аяктаган. 2011-жылы Kloop Media’нын Онлайн-журналистика мектебинде билим алган.

Эшбаева эмгек жолун 2005-2006-жылдары Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда солист болуп иштеп баштаган. Андан соң Жалал-Абад облустук маданият башкармалыгында жетектөөчү адис, ошол эле учурда Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө катчы, облусттук телеканалда алып баруучу, коммерциялык дирекциянын жетекчиси кызматтарында иштеген.

Ошондой эле, Эшбаева 7-каналда* жаңылыктар бөлүмүндө иштеген.

*7-канал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу деп айтылып жүрөт. Телеканал Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиевге катталган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына келгенге чейин «Ынтымак ТВ» каналында кабарчылык кызматты аркалаган.