Алимбаев: Лейлектеги оорукананын терезесине ок атылган окуя иликтенип жатат

Лейлек районунун Тажикстанга чектеш Интернационал айылындагы оорукананын терезесине ок атуу иликтенип жатат. Бул тууралуу 12-августта «Турмуш» басылмасынын кабарчысына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Алимбаев мындай маалыматты Баткен облусунун күч органдары менен чукул жыйын өткөргөндөн кийин айтты. Бул жыйын жабык түрдө өтүп, тажик тараптан оорукананын терезине ок атуу жана Тажикстандын чек арачылары Катта-Туз тилкесинде аң казып жатканы боюнча талкуу жүрдү.

«Бүгүнкү күндө чек арада кырдаал жалпысынан тынч, бирок ошол эле учурда кооптуу болуп турат [...] Мен Согди облусунун губернатору [Ражаббой Ахмадзода] менен сүйлөштүм, 1-2 күндүн ичинде биз жолугушуу тууралуу макулдаштык: бүт күч структуралар менен, чек арага тиешеси бар облустагы жетекчилер менен биз жолугушуп, ушул болгон нерсенин баарын талкууга алабыз», — деди Алимбаев.

Облус башчысы Кыргызстандын чек арачылары тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, эгерде алар Катта-Туз тилкесинде аң казууну токтотпосо «биз тараптан да ушундай кадамдар башталып кетиши мүмкүн» деп билдирди. Ошондой эле Алимбаев эки өлкөнүн чек арага аймактарында жашаган тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Ооруканага атылган ок

11-августта Интернационал айылында саат 15:10 чамасында Тажикстан тараптан ок атылган. Ок аталган айылдын аймактык ооруканасынын 2-кабатындагы айнекке тийген.

УКМКнын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерден АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Жабыркагандар болгон эмес.

Бул окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап чек ара кызматкерлеринин ок атуучу куралдарын текшерүүгө алаарын билдирген.

«Саат 17:00дө эки тараптын чек арачыларынын жолугушуусу болуп өттү. Анда тажик тарап текшерүүнүн жыйынтыгында чек арачылардын куралынан ок атылбаганы аныкталды деп маалымдады. Бирок ок кокустан атылып кетиши мүмкүн деп белгиледи», — деп билдиришкен чек ара кызматынан.

Ошондой эле, жолугушууга келген чек ара кызматкерлери ички иликтөө жүрөөрүн макулдашты. Учурда чек ара аймагында абал туруктуу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Тараптар 1-майда гана тынчтыкты орнотууну макулдашышкан.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана үч аскер кызматкери да бар. Дагы 190 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Жаңжалда тургундардын 140 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон. Кыргызстан чек арадагы куралдуу жаңжалдан 1,3 млрд сомдук зыян тарткан.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.