1-октябрдан баштап пенсия көбөйүшү мүмкүн

2021-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү пландалып жатат. Тишелүү токтом долбоорун Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.

Маалыматка ылайык, 4785 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сом, ал эми 4 785 сомдон жогору пенсияга 500 сом өлчөмүндө акча кошулат. Пенсияны көбөйтүү үчүн 1-октябрдан баштап республикалык бюджеттен 154 млн 300 миң сом бөлүнөт.

Социалдык фонддун алдын ала эсеби боюнча, 2021-жылдын 1-октябрынан баштап өлкөдө 715,500 миң адам пенсия алат.

Социалдык фон 2020-жылга карата пенсионерлердин 48%нын ай сайын алган акчасы жашоо минимумунан төмөн экенин билдирет.

Улуттук статиститка комитетинин маалыматына боюнча, өлкө боюнча орточо айлык акы 18 миң 940 сомду түзсө, ал эми пенсиянын орточо суммасы 6 248 сомду түзөт.