Кыргызстанга 2-августта өлкөнүн тунгуч, кийин бозгун президенти Аскар Акаев кайтып келди. Ал 16 жыл мурда «жоогазын революциясынын» натыйжасында өлкөдөн качкан.

Акаевди аэропорттон коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тосуп алып, «Кумтөр» иши боюнча УКМКга суракка алып кетишкен — ал жерден Акаев кечке жуук чыккан. Бир жуманын ичинде ал президент Садыр Жапаров жана башка аткаминерлер менен жолугушууга, ошондой эле кичи мекени Чоң-Кеминге барып келүүгө үлгүрдү.

Аскар Акаев УКМКнын сурагынан чыгып журналисттерге маек куруп жатат. Сүрөт: «Клооп»

8-августта Акаев Москвага учуп кеткени, бирок анын алдында мекенине кайтып келүү ниети бар экенин айтканы белгилүү болду.

Акаевдин келиши коомчулукта чоң резонанс жаратты. Кээ бир саясатчылар Акаевдин 15 жылдык башкаруусунда кылган кылмыштарын унутпоого чакырышты.

«Клооп» Аскар Акаев президент болуп турган мезгилдеги негизги окуяларды жана анын тактан кулатылышынын себептерин чогултту.

Баш мыйзамды өзүнө ылайыктап өзгөртүү

Алгачкы шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасын көз карандысыз деп жарыялаган.

Ошол эле жылдын 12-октябрында эгемендик алган жаңы мамлекетте биринчи президенттик шайлоо өткөн. Себеби Акаев Кыргыз ССРин дээрлик бир жыл жетектегендиктен ал макамын ырасташы керек болгон, шайлоо атаандашсыз өткөн. Бюллетенде Акаевдин гана аты-жөнү, анын президент болуп шайланышын ырастоочу суроо жана макул же каршы деген эки жооп гана жазылган. Жыйынтыгында шайлоого келгендердин 95,3%ы Акаевге добуш берген.

Аскар Акаев иш бөлмөсүндө, 1992-жыл. Сүрөт: «АКИпресс»

1993-жылдын 5-майында өлкөдө Негизги мыйзам — Конституция кабыл алынган. Эгемендиктин 30 жылында ал он жолу өзгөртүлдү. Дээрлик ар бир өзгөртүү президенттин кызыкчылыгына ыкталган. Өзгөртүү болгон сайын өлкө жарандарынын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлдү деп айтылып турган.

Өлкөнүн Баш мыйзамын Аскар Акаев дагы өзгөрткөн. Ал башкарган 15 жылда Конституция 5 жолу оңдолгон. Негизинен өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарынын күчөтүлүшүнө алып келген. 2003-жылы Негизги мыйзамга акыркы оңдоолор киргизилгенден кийин Акаев бийликти узурпациялоого айыптала баштаган.

Алгачкы жолу Конституция 1994-жылдын 22-октябрында өзгөртүлгөн — анда өлкөнүн баш мыйзамына «мындан ары ага киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен жаңы мыйзамдарды референдумга алып чыга алышаарын жазышкан. Мындан тышкары, мыйзамдарды эки палаталуу Жогорку Кеңеш чыгара турганы аныкталган.

Кайра шайлоо жана Конституцияны редактирлөө

1995-жылы кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлгөн, бирок ал 8 айдан кийин гана өтүшү керек эле.

«Ал кезде оппозиция Акаев шайлоого даярданууга үлгүрбөй жаткан атаандаштарын деморализация кылуу максатында мөөнөтүнөн мурда шайлоого барганын билдирген», — деп жазат «АКИпресс» басылмасы.

БШК күтүлбөгөн жерден кол топтоо эрежесин өзгөртүп салгандыктан айрым талапкерлер шайлоого катыша албай калган. Ошол эле учурда, кээ бир талапкерлер кол топтоп койгону менен жаңы эреже боюнча аны кайра топтоого убактылары болбой калган.

Жыйынтыгында шайлоого Акаевди кошуп үч талапкер гана талапкер болуп катталган. Акаев шайлоочулардын 71,5% добушуна ээ болуп, биринчи турда жеңишке жеткен.

Кайрадан кызматка киришкен Акаев 1996-жылдын февралында Конституцияны дагы бир жолу өзгөрткөн. Киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде өкмөт президенттин көзөмөлүнө өткөн. Парламент өкмөттү толугу менен отставкага кетире албай калган, бирок премьер-министрге ишеним көрсөтпөө вотумун жарыялай алган. Чынында, премьер-министр отставкага кеткенде артынан өкмөт мүчөлөрү да кетишчү.

Өлкө президенти министрлерди жана жергиликтүү администрация башчыларын дайындоо укугуна ээ болгон. Президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, парламент президентти бийликтен четтетүү маселесин көтөрө алса да иш жүзүндө анын чечимдерине таасир эте албай калган.

Акаевдин үчүнчү мөөнөтү жана Баш мыйзамга түзөтүүлөр

2000-жылдын октябрында кезектеги президенттик шайлоо дайындалган. Конституция шайлоого эки гана жолу катышууга жол бергенине карабай Акаев кайра талапкерлигин койгон.

«Оппозиция БШКнын Аскар Акаевди үчүнчү ирет талапкер катары каттаган чечимин мыйзамсыз, дароо жокко чыгарылышы керек, президент кызмат абалынан кыянат пайдаланууда деп билдирген», — деп жазат «АКИпресс».

Ошол эле учурда лингвистикалык комиссия түзүлүп, президенттикке талапкерлердин бардыгы кыргыз тилинен сынак тапшырышы керек болгон. Бул чырдашууга алып келген — айрым талапкерлер комиссиянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп, аны сотто талашууга аракет кылышкан, бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес.

Президенттик шайлоого жалпы жети талапкер киргизилген, алардын арасында Аскар Акаев да бар эле.

«Шайлоо өнөктүгүндө Акаевдин штабы бардык жерде административдик ресурсту жана ЖМКлардагы монополиясын колдонгон. Ошол кездеги президентти Бишкекке болгон иш сапарында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Орусиянын башчысы Владимир Путин колдогон», — деп жазат «АКИпресс».

Бул жолкусунда да кайрадан Аскар Акаев жеңген, ага шайлоого катышкан жарандардын 74,4%ы добушун берген.

Аскар Акаев 2000-жылы 9-декабрда өз инаугурациясында. Сүрөт: «АКИпресс»

Арадан үч жыл өткөн соң, Конституция февраль айында кайрадан өзгөртүүгө дуушар болгон. Баш мыйзамга көлөмдүү түзөтүүлөр киргизилген — алар мамлекеттин өзүнө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерине, президенттик бийликке, депутаттардын ыйгарым укуктарына жана прокуратура менен сотторго байланыштуу болгон.

Бирок башкы өзгөртүү президент катары менен эки жолудан көп шайлана ала турганында болгон — ушинтип Аскар Акаев дагы бир президенттик мөөнөткө талапкерлигин көрсөтүү укугун сактап калган.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президент өкмөттүн түзүмүн аныктап, премьер-министрди дайындаган жана Улуттук коопсуздук кызматын (УКК — азыркы УКМК) дайындап же жоюп сала алган.

Аксы окуясы

2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылынын тургундары кыргыз жеринин бир бөлүгү Кытайга өтүп кетишине каршы болуп чыгышкан. Укук коргоо органдары нааразычылык акциясына чыккандарга каршы курал колдонуп, алты адам каза болгон.

Аксы окуясы эгемен Кыргызстандын тарыхында бийлик куралсыз жарандарына карата ок аткан биринчи окуя болуп калган.

Абайлаңыз! Тасмада нааразычылык ациясына катышкандарды атуу кадрлары бар

Аксылыктардын жердеши, парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун бийлик тарабынан камакка алынышы толкундоолордун негизги себеби болгон. Ал убакта Бекназаров Акаевди өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө Кытай менен болгон келишим үчүн сынга алган. Саясатчы Кыргызстан Үзөңгү-Кууш* капчыгайындагы жерди Кытайга өткөрүп бере албайт деп, Акаевге импичмент жарыялоону сунуштаган.

*Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, чек араны тактоо алкагында Үзөңгү-Кууш капчыгайынын 30%ы Кытайга өтүп, 70%ы Кыргызстанда калган. 2002-жылы келишим ратификацияланган.

Ал учурда документ Кыргызстанда терс кабыл алынып, эл Кытайга жер берүүгө каршы чыккан. Себеби кыргызстандыктар Үзөнгү-Куушту эзелтен бери өз жери деп эсептеп келишкен.

Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек аранын узундугу 1 071,8 километрди түзөт. Делимитация боюнча сүйлөшүүлөр 2004-жылы аяктаган. Үзөңгү-Кууш капчыгайы Ысык-Көл облусунун 2800 гектардан ашуун тоолуу аймагын ээлейт. Ал аймакта айдоо жерлери жок, бирок аймак малчылар жайыт катары пайдаланышат.

Жарандарды «атуу» буйругун милицияга ким бергени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Акаевдин айтымында, ошол учурда ал чет өлкөдө жүргөн. Ал бийликте турганда демонстранттарды атуу үчүн жоопкерчилик жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.

Кийинчерээк ок атуу буйругун милицияга телефон аркылуу президенттик администрациянын ошол кездеги башчысы Аманбек Карыпкулов бергени тууралуу маалымат чыга баштаган.

Бирок, 2005-жылдагы революциядан кийин башкы прокурор болуп келген Азимбек Бекназаровдун айтымында, «Тайфун» (массалык баш аламандыкты басуу) жана «Буран» (административдик имараттарды коргоо) операцияларын колдонуу боюнча документтерге ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев кол койгон *.

* Курманбек Бакиев 2000-2002-жылдар аралыгында премьер-министр болуп турган. Аксы окуясынан кийин ал өкмөтү менен бирге отставкага кеткен.

«Бакиевдин Аксы элине карата, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына кол койгону тууралуу документ 2005-жылы баш прокурор болуп, Аксы окуясы тууралуу кайра тергөөнү жанданткан учурда табылган. Жашыруун документ болгону үчүн араң алганбыз. Ошондон баштап “[Бакиевге] сиз бул документке кол койгон экенсиз, сурак беришиңиз керек” десем, “макул сурак берем” деп убакытты созуп жүрүп, беш айдан кийин мени иштен [башпрокурорлуктан] алып койгон. Тергөө токтогон. Бирок Бакиев бул иши үчүн жазасыз калган жок. 2010-жылдан кийин мен Убактылуу өкмөттө турган учурда бул ишти кайра жандантып, дал ошол кылмышы үчүн Курманбек Бакиевге айып тагылып, ал сыртынан соттолгон», — деп билдирген ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, ошол кезде бийликке «аксылыктардын курал-жарагы бар, алар бийликти басып алууга аракет кылып жатышат» деген туура эмес маалымат берилген.

«Акыркы жолу ошондой маалыматтар менен 2014-жылы таанышып, “беш жыл ичинде эч жакка таратпайм” деп кол коюп бергем, мөөнөтү бүттү. Эми айта берсем болот. Ошол кезде атайын кызмат тарабынан да бийликке туура эмес маалыматтар жетип турган. Бекназаров камалгандан кийин аксылыктар нааразылык билдирип, райондун борборуна бармакчы болгонунан тартып, “аларда курал бар, бийликти басып алууга аракет кылып жатат” деген жалган маалыматтар берилген экен. Конвертке эле “ушундай маалымат келди” деп жазып туруп, бийликке берип коюшкан. Анын чын-бышыгы сүрүштүрүлгөн эмес. Дагы бир тасма көрдүм. Анда адамдын бети көрүнбөйт, бир машинада бара жатып эле бирөө “элде курал бар, алар 17синде басып алышат, 16сында чыгышат” деп айтып жатат. Ушуга окшогон материалдарды негиздеп гана элди тосуп, атып жиберишкен», — деп билдирген укук коргоочу айым.

Акаев 2021-жылы Үзөнгү-Куушту кытайларга сатканы тууралуу айыптоолорду кезектеги жолу четке какты.

«Аксы окуясы. Бул трагедия мен башкарып турган мезгилде болгону жүрөгүмдү өйүйт. [...] Ал үчүн мен кыргыз элинен кечирим сурагам жана дайыма сурайм», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Кумтөр боюнча келишим

Эң ири Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишимге Акаев жаңыдан президент болуп келгенде кол коюлган. Анын негизинде кыргыз бийлиги уран казып иштеген Канаданын «Камеко» корпорациясы менен макулдашкан.

«Камеко» бизнесмен Борис Бирштейн жетектеген «Сиабеконун» ортомчулугу аркылуу кен казуу укугун алган. Бизнесмендин кадыр-баркы начар болгон жана аны «эл аралык масштабдагы алдамчы» деп аташкан.

Борис Бирштейн жана Аскар Акаев. Сүрөт: kaktus.media

1992-жылы кыргыз өкмөтү менен «Камеко» Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимге кол коюп, «Кумтөр алтын кени» долбоорун түзүшкөн. Бирок, ошол кездеги парламент Канаданын корпорациясы менен келишим түзүүгө каршы болгон.

«Кылдаттык менен талдап чыккан соң Акаевге шашылбоо керектигин айттык. Канадалык гана компания катышкандай болбосун деп тендер жарыялоону сунуштадык. Мисалы, россиялык же казакстандык ишкананы тандоого эмнеге болбосун деп сурадык. Акаев таптакыр кулак салбай чечим чыгарууга ашыккан. Шарттар Кыргызстандын пайдасына эмес, Кумтөрдүн эсебинен айрым адамдардын байыгысы бар экени айдан ачык болуп тургандыктан макул болгон жокпуз.

Бирок Акаев өз жарлыктары менен аракет көрүүгө өтүп, «Камекону» түртмөлөй берди. Ал эми 1994-жылы бийлигин күчтөндүрүү үчүн жасалма түрдө парламенттин өзүн-өзү таркатуусу боюнча демилге көтөрдү», — деп эскерет «легендарлуу» парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

Биринчи келишим боюнча, кенди иштетүү үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компани» түзүлгөн. Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу компаниянын акциялык үлүшүнө ээ болгон.

Баштапкы келишимде Кыргызстан «Кыргызалтын» аркылуу акциянын дээрлик 66,67%ына, ал эми Камеко 33,33%ына ээлик кылаары болжолдонгон.

Андан тышкары, «Камеко» жана анын тутумундагы башка компаниялар, ошондой эле чет өлкөлүк жалданма компаниянын өкүлдөрү 2003-жылга чейин (жердин ижарасын эсепке албаганда) салыктан жана кандайдыр бир төлөмдөрдөн бошотулган.

2003-жылы «Камеко» Centerra’ны түзүүнү жана анын карамагына «Кумтөр Голд Компанини» жана компаниянын бардык активдерин өткөрүп берүүнү сунуштаган. Андан соң үлүштү кайра бөлүшмөк.

Кыргызстандын өкмөтү буга макул болгон. Жыйынтыгында кайра түзүүдөн кийин республиканын «Кыргызалтын» мамишканасы Centerra’дан 33% акцияга, ал эми «Камеко» — 67%га ээ болгон.

10 жылдан кийин «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия 2013-жылы бул келишимди «эң пайдасыз» деп атап, ага кол коюу менен «кыргыз тарап “Кумтөр” долбоорун башкаруудагы укуктарын бир топ эле чектеп койгонун» белгилеген.

Учурдагы экономика министри Акылбек Жапаров жетектеген Кумтөрдүн 2021-жылдагы ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, «Камеко» 2003-жылы Centerra Gold’ду түзүү үчүн Акаевдин үй-бүлөсүнө ири өлчөмдө пара берген — Торонто биржасынан акча жана акцияларды белек кылган.

Жапаровдун маалыматына караганда, Айдар Акаевге байланышы бар делген компанияларга гана кеминде 55, 2 миллион доллар которулган. Айдар Акаев 2001-жылы Канаданын «Камеко» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

2004-жылы Centerra Gold Inc. IPO’го чыккан — башкача айтканда, акциялар Торонто фонддук биржасына жарыяланган.

Анда Канаданын компаниясындагы Кыргызстандын акциялар үлүшү кайрадан төмөндөгөн. Өлкө бийлиги акциялардын 17%ын 84 миллион долларга саткан. Аскар Акаев бул каражаттар калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн атайын фондго которулганын айткан.

Акаев башка жогорку кызматтагы аткаминерлер менен бирге — «Кумтөр» долбоору боюнча келишим түзүүдөгү коррупция боюнча иштин фигуранты. 2-августта УКМКга сурак берип чыккандан кийин Аскар Акаев өлкөгө «Кумтөр» иши боюнча кызматташуу үчүн келгенин айткан.

Кыргызстандан кетип жатып ал «“Кумтөр” долбоору боюнча кетирген катачылыктары, кыргыз элинин үмүтүн актай албаганы үчүн» кечирим сураган. Бирок ал өзү жана үй-бүлөсүнүн «Кумтөр» долбоорунан алтын жана акцияларга ээ болгону жөнүндөгү маалыматты четке каккан.

«Кумтөр кени боюнча келишим түзүлгөндөн баштап кыргыз өкмөтү чет элдик компанияга улуттук кызыкчылыктарга каршы келген жеңилдиктерди берген. Кыргызстан бул долбоордон ири экономикалык пайда көрүүнү көздөгөн. Тилекке каршы, бардыгы эле биз каалагандай болбой калды», — деп билдирген Акаев.

Ал мисал катары 1992-жылы «Камеко» корпорациясын салыктардан жана табигый ресурстарды колдонуу үчүн төлөмдөрдөн мыйзамсыз бошотуу жана «Кумтөр» кенин иштетүүнү толугу менен Канадага өткөрүп берүүнү айткан.

Акаев бул «өкмөттүн жана өзүнүн кылмыштуу катасы» экенин мойнуна алган.

«Бул өлкө башчысы катары менин дагы кемчилигим, анткени мен “Кумтөр” долбоору боюнча өкмөткө сокур ишеним артып чечимдерди кабыл алгам. Ал эми менин эң чоң катачылыгым — Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо келишимине макулдук бергеним», — деп түшүндүргөн Акаев.

Ал «ошол учурда өкмөт аны реструктизациялоо зарыл экенине көндүргөнүн» кошумчалаган.

«Мен тараптан өкмөттүн ишин тыкыр көзөмөлдөө болбогону канадалык инвесторлорго Кумтөр кенин толук көзөмөлгө алууга жана чоң киреше табууга шарт түзгөн», — деп жыйынтыктаган Аскар Акаев.

Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу

Акаев Кыргызстандан качып кеткенден кийин далай жолу ар башка ЖМКларга жана блогерлерге маек курган. Маектеринде дайыма үй-бүлө мүчөлөрү саясатка эч качан кийлигишпегенин белгилечү.

«Үй-бүлөм мамлекеттик иштерге кийлигишкен эмес. Тескерисинче, алардын ар бири мамлекеттин түптөлүшүнө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө аракет кылышкан. Чыныгы үй-бүлөлүк башкарууну Курманбек Бакиев киргизди», — деп билдирген ал 2021-жылдын 28-апрелинде.

Акаевдердин үй-бүлөсү. Сүрөт: «АКИпресс»

Бирок ошол жылдары Аскар Акаевдин балдарынын, президенттин аялы Майрам Акаеваныкындай эле Айдар менен Берметтин таасири чоң болгон. Президенттин жубайы 2000-жылы Кыргызстан Аялдары партиясын жетектеген. Кийин партия парламентке өткөн. Ошондой эле, ал эл аралык «Мээрим» кайрымдуулук фондун жетектеген.

2019-жылы Башкы прокуратура фонддун ишмердүүлүгүнө байланыштуу 30дан ашык кылмыш иши козголгонун билдирген. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, фонддун ишмердигинен тийген зыяндын өлчөмү 64 млн сомду түзгөн, ал эми ондогон имараттар менен башка мүлктөр мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Акаевдин кызы Берметти бийликчил «Алга, Кыргызстан!» партиясынын негиздөөчүсү деп аташкан. Ал Казакстандын жараны Адил Тойгонбаевге турмушка чыккан.

Бермет Акаева. Сүрөт: «АКИпресс»

Акаевдин тушунда күйөө баласы Тойгонбаев «Манас» аэропортундагы авиаташуучуларга күйүүчү май ташып иштеген Aalam Services компаниясын жетектеген. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 1999-жылдан 2005-жылга чейинки алты жыл ичинде ал оффшордук компаниялар аркылуу жалпы 677 миллион сомдон ашык кирешенин изин жашырган.

2005-жылы бийлик алмашкандан кийин, ага «Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган алдамчылык», «Уурдоо» жана «Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү» беренелери боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2017-жылы казакстандык жаранды сыртынан 20 жылга эркинен ажыратып, «Манас» аэропортуна 10 миллион долларга жакын акча төлөп берүүгө милдеттендирген.

Айдар Акаев атасы президент болуп турган кезде медиа адамы болчу жана активдүү светтик жашоодо жашаган. Ал Аскар Акаевдин башка үч баласына караганда ЖМК беттерине абдан көп пайда болчу. ЖМКлар анын ресторандарга барганын көп чагылдырчу.

Айдар Акаев парламентте, 2005-жыл. Сүрөт: «АКИпресс»

1998-жылы Айдар Акаев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызына үйлөнгөн. Экөөнүн баш кошуусу дароо «династиялык үлпөт» деп атала баштаган. Бирок алардын турмушу көпкө узабай, түгөйлөр 2001-жылы ажырашып кеткен.

«Айдар бизнес кылчу. ЖМКлар аны өлкөдөгү көптөгөн бизнес-долбоорлор менен байланыштырып, ошол эле учурда, булардын бардыгы атасынын күчү менен гана мүмкүн болгонун кыйытып айтышкан», — деп жазат «АКИпресс».

Ал 1998-жылы «Казкоммерцбанк» ААКтын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген. Басылманын маалыматына ылайык, ал Нурбек Турдукулов менен бирге «Бител» уюлдук компаниясынын түптөлүшүнүн башында турган.

2001-жылы 25 жаштагы Айдар Акаев каржы министринин кеңешчиси, ошондой эле Канаданын «Камеко» компаниясынын директорлор кеңешинде мүчө болгон.

2004-жылы эжеси Бермет менен бийликчил «Алга, Кыргызстан!» партиясына кошулган. Ошол эле жылы Айдар Акаев күтүүсүз жерден Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган.

2005-жылдагы революциядан кийин Айдар Акаевге төрт кылмыш иши козголгон. Алар боюнча келтирилген зыяндын өлчөмү 3 млн сомду түзгөн. Башкы прокуратура дагы 11 кылмыш ишинде «анын күнөөлүү экенине түз жана кыйыр далилдер» бар экенин билдирген.

Революциядан кийин Айдар Акаев интервьюсунда «өлкө жетекчисинин балдары бизнес кылганы туура болгонбу-жокпу» деген суроого жооп берген.

«Мен андай нерсе болбогон КМШдагы бир дагы өлкөнү билбейм. Бардык жерде лидерлердин туугандары колунан келишинче бизнес кылып жатышат. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Эгерде ал өлкө экономикасына зыян тийгизип жаткан болсо, анда ал башка маселе», — деген ал.

2020-жылдын 6-февралында Айдар Акаев каза болгону белгилүү болгон. Орусиянын ЖМКлары анын сөөгү «Рублёвкадагы» үйүнөн табылганын билдиришкен.

Кийинчерээк маркумдун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Икрамидин Айткулов, Айдар Акаев 44 жашка чыгаарына болгону эки жума калганда жүрөк оорусунан каза болгонун айткан. Бирок ЖМКлар Айдар Акаевдин өлүмүнө спирт ичимдиктери менен баңгизатка ууланганы себеп болгонун жазышкан.

«Жоогазын революциясы»

2005-жылдагы революциянын чыгышына парламенттик шайлоо негизги себеп болгон. Шайлоого чейин бийлик оппозициялык талапкерлерди, анын ичинде оппозициялык «Ата-Журт» кыймылынын лидери Роза Отунбаеваны депутатыкка талапкер катары каттабай койгон. Ал №1 Университеттик шайлоо округунан аттанып жаткан эле. Дал ушул округдан эле башка талапкер — Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева дагы талапкерлигин көрсөткөн.

Парламенттик шайлоонун биринчи туру 27-февралда, экинчи туру 13-мартта өткөн. Шайлоонун жыйынтыгында эң көп добушка бийликчил «Алга, Кыргызстан!» ээ болгон. Ошондой эле, парламентке Акаевдин балдары Айдар менен Бермет да өткөн.

Бермет жана Айдар Акаевдер парламентте, 2005-жыл. Сүрөт: «АКИпресс»

Европарламент менен ЕККУнун байкоочулары өткөн шайлоону «эл аралык стандарттарга жооп бербейт» деп тааныган. Алар президент тарабынан шайлоочуларга басым кылуу аракети болгонун жана добуштарды сатып алуу кеңири колдонгонун белгилешкен. Оппозиция дагы мыйзам бузуулар болгонун билдирген.

Акаевдин бийлигинин күчөшүнө алып келген Конституцияга утур-утур өзгөртүүлөр, коррупция жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу акыр-аягы массалык толкундоолордун башталышына себеп болгон. Алгач толкундоо өлкөнүн түштүгүнөн башталып, андан соң башка аймактарга өткөн.

24-мартта массалык нааразычылык акциялары Бишкекте дагы башталган. Борбор калаанын чет жакасында 30 миңге жакын адам чогулуп, Ак үйдү көздөй бет алган.

Март революциясы, 2005-жыл. Сүрөт: «АКИпресс»

Митингчилер борбордук аянтка келип: «Акаев, кетсин!» деп кыйкырып талап кылышкан. Чогулгандардын алдында оппозициялык саясатчылар да келип сөз сүйлөшкөн. Алардын арасында кийин президент болуп шайланып, кайра ушундай эле себептерден улам кулатылган оппозиция лидери Курманбек Бакиев да болгон.

Кийинчерээк акцияга чыккандар Акаевдин администрациясындагы тосмону бузуп, Ак үйдү ээлеп алышкан. Ал жерге кирип барган митингчилер аткаминерлердин документтери менен компьютерлерин терезеден ыргытып, эшик-терезелерди сындырышкан. Ак үй талоонго учураган.

Талоончулук баш калаанын ар башка бөлүктөрүндө дагы башталган. Бишкекте талап-тоноо 24-марттан 25-мартка чейин, түнү бою уланган: натыйжада жаалданган эл ондогон дүкөндөрдү, соода борборлорун жана интернет клубдарды талап-тоноп, өрттөп жиберген. Бийлик мародёрлердун кылыгы үчүн шаардыктардан кечирим суроого аргасыз болгон.

24-март күнү кечинде тактан кулаган президент Аскар Акаев үй-бүлөсүн алып Казакстанга качканы белгилүү болгон. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 2020-жылы «Бейнеге сүртүмдөр» даректүү тасмасынын экинчи бөлүгүндө Акаевди өлкөдөн өзү алып чыгып кеткенин айтып берген.

«Аскар Акаевди мен Бишкектен Таразга тик учак менен алып чыгууга мажбур болдум. Акыбал өтө оор эле, атышуу болуп кетмек. Тараздан Орусияга кетти», — деп билдирген Казакстандын биринчи президенти.

2005-жылдын 25-мартында эртең менен парламент өлкөнүн премьер-министринин жана президенттин милдетин аткаруучу кылып Курманбек Бакиевди дайындаган. Ал эми Роза Отунбаева Тышкы иштер министрлигин жетектеп, Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп бекитилген.

29-мартта Аскар Акаев Орусияда экени белгилүү болгон. 2005-жылы 5-апрелде Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында Акаев президенттик кызматтан кеткени тууралуу арызга кол койгон.

Кийин Акаев 2005-жылдын 24-мартындагы «жоогазын революциясы» тууралуу үн каткан. Өз интервьюсунда каршылык акциясынын катышуучуларынын көбү «криминалдын өкүлдөрү» болгонун билдирди — бул тууралуу ага жардамчылары «өзүңүз деле көрүп турасыз» деп айтышкан.

Ошондой эле Акаев ага каршылыкка чыккандарга каршы күч колдонууну сунушташканын, бирок андан баш тартып, кан төгүүгө жол бербеш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Акаевдин айтымында, 2005-жылдагы революция «саясий авантюристтер — Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана аларга кошулган Алмазбек Атамбаевдин» колу менен жасалган.

Ошол эле учурда, 2021-жылы ал «конституциялык жол менен бийликти өткөрүп бере албаганы үчүн» кыргыз элинен кечирим сураган. Акаев «үй-бүлөсү мамлекеттик иштерге кийлигишкен эмес» деп көшөргөнүн улантууда.