Баткен: Прокуратура Суу чарба кызматкерлери 2,9 млн сомдук зыян келтиргенин аныктады

«Головнойду» кайтарган аскер. Сүрөт: «РИА Новости»

Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 2,9 млн сомдук зыян келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура 13-августта билдирди.

Баткен прокуратурасы жергиликтүү суу чарба башкармалыгы каражаттарды мыйзамсыз иштеткени боюнча үч фактыны аныктаган.

Алардын биринчиси Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайы менен байланыштуу. Башкармалык «Головнойду» оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Андан соң, жеңүүчү компаниянын эсебине акчаны мыйзамсыз которгон.

*«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан. Анда Ак-Суу дарыясынан аккан суу бөлүштүрүлөт. «Головной» стратегиялык объект катары таанылып, аны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарышат.

«Аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жалданма компанияга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которгон. Алар өз кезегинде мамлекеттик сатып алуулардын аталган обьектти ондоп-түздөө боюнча талаптарын аткарган эмес», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, суу чарба башкармалык Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендер жарыялап, жумуш аткаруу үчүн эң жогорку бааны сунуштаган компанияны жеңүүчү деп тапкан. Прокуратура мындан улам мамлекетке 602 миң сомдон ашуун зыян келтирилгенин билдирди.

Мындан сырткары, Баткен облустук прокуратурасы аталган мекеменин кызматкерлери сый акы жана иш сапар чыгымдары үчүн 651 миң сом бөлүп, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алганын аныктады.

Прокуратура бул фактыларды «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады.