Президент «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга кол койду. Президенттин администрациясы мыйзам «турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө» багытталганын, анын жардамы менен «жол-жоболорду түшүндүрүү жана кайрыла турган органдарды тактоо аркылуу жер участокторуна документтерди алуу тартиби боюнча көйгөйлөр чечилүүдө» деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот», — деп билдирет президенттин сайты.

Түзөтүүлөр президент кол койгон күндөн тартып күчүнө кирди.

Жер участокторун трансформациялоо тууралуу мыйзамына түзөтүүлөрдү министрлер кабинети демилгелеген. Жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоорлорун парламент өткөн жылы дагы караган болчу.

Долбоордо 1712 гектар жер трансформация болору, бул 11 300 үй-бүлөнүн көйгөйүн чече турганы айтылган. Маселе жараткан жер участоктору Чүй облусунун Сокулук жана Аламаүдүн райондорунда, Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан.

2020-жылы жайында Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары бир нече жолу Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгып, депутаттардан транформация жөнүндө мыйзамын жайкы каникулга кеткенге чейин кабыл алууну талап кылышкан.