MagicCity’нин кызматкерине кол салууга шектелген жаран ТИЗО-1ге киргизилди

MagicCity’нин кызматкерине кол салууга шектелген жаран ТИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан Kaktus.media басылмасына билдиришти.

Соттун маалыматына караганда, шектүү бир ай камакта болот. Милиция аны 12-августта кармап, ал ошол эле күнү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

MagicCity балдар оюн-зоок борборунда иштеген кызга кол салуу окуясы августтун башында катталган. Анда социалдык тармактарда мас абалдагы киши борбордун кызматкерине кол салганы тартылган видео пайда болгон.

Көңүл ачуу борборунун администратору Тимур Жунусовдун айтымында, кызга күч колдонгон кишиге кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган. Ошондой эле Жунусов киши мас абалында болгонун кошумчалаган.

Бишкек ШИИБи соода борборунун кызматкерине кол салган кишини таап, окуяны «Майда бейбаштык» беренеси боюнча КЖБРге каттаганын маалымдаган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок жабырлануучу «ден соолугуна анчейин деле олуттуу зыян тийбегенин айтып медкүбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан».

Ошондой эле укук коргоо органдары соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин кайрадан квалификациялоо маселеси каралат.

Тейлөөчү кызга кол салуу фактысы коомдо резонанс жараткан. Буга байланыштуу Орусиянын бир катар саясатчылары үн катып, Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы үзүүгө чакырышкан.

Бирок эксперттер саясатчылар Орусиянын парламенттик шайлоосу жакындап калгандыктан бул сыяктуу билдирүүлөрдү жасап, публикага ойноп жатышат деп эсептешет. Ал эми Кыргызстандын ТИМи орус бийлигин «ички улутчулдуктун айрым учурларын орус улутундагы жарандардын укуктары дайыма бузулуп жаткандай кылып көрсөтпөөгө» үндөгөн.

Кийинчерээк орус бийлиги MagicCity балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине кол салган кыргызстандыкты 10 жылга чейин Орусиянын аймагына кирүүгө тыюуу салуу чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.