«2 800 АКШ доллары». Алайда ачык калган унаалардан акча уурдап жүргөн өспүрүм кыз кармалды

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылынын 13 жаштагы тургуну уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан 17-августта билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Алай РИИБисине март айынан тарта Гүлчө айыл аймагында унаалардан буюм уурдатканы тууралуу арыздар түшүп турган. «Уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында уурулукка шектүү катары 8-класстын окуучусу кармалды.

Өспүрүм апасы жасап берген мантыны коомдук жайларды кыдырып сатып жүрүп, базарда кулпуланбай калган унаалардан акча жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн.

«Уурдалган акчалардын эң ири өлчөмдөгүсү 2 800 АКШ доллары болгон. Акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген. Ал эми калган бөлүгү ээлерине кайтарылары же кайтарылбасы белгисиз. Анткени кыз жакыр үй-бүлөдөн», — деп билдиришти облустук милициядан.

Ошондой эле, Ош ОИИБиден мындан ары өспүрүм кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынарын айтышты.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын январында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 15 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр мал уурулукка шектелип кармалышкан. Алар 67 жаштагы карыянын үйүнөн эки баш бодо малды уурдашкан.