Бир кадр менен: Минкаб төрагасы Кыргызстандын паралимпиада курамасы менен жолукту

Минкабдын төрагасы Улукбек Марипов жана Кыргызстандын паралимпиада курама командасынын мүчөсү Арыстанбек Базаркулов. Сурөт: министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Минкабдын төрагасы Улукбек Марипов 17-августта Токиого жөнөп жаткан Кыргызстандын паралимпиада курама командасы менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Марипов Кыргызстандын байрагын улуттук курамдын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго тапшырып, спорттук мелдеште «жалпы кыргыз журту сиздерди колдойт» деп билдирди.

XVI Паралимпиада оюндары Жапониянын борбору Токио шаарында 24-августтан 5-сентябрга чейин уланат. Бул оюндарга Кыргызстандан эки спортчу барат — ядро ыргытуу боюнча Арыстанбек Базаркулов жана пара-дзюдо боюнча көзү азиз спортчулар арасында 57 кг чейинки салмакта күч сынашуучу Хайитхон Хусан кызы.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасы август айынын башында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль багындырган.