Бишкек мэриясы Түркиядан 300дөн ашык жаңы автобус сатып алат

Мэриянын басма сөз кызматы Бишкектин Шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» ЖЧКсы түрк өндүрүшүнүн көп орундуу автобустарын алып келүү боюнча меморандумга кол койгонун билдирди.

Мэриянын маалыматына караганда, 2021-2022-жылдар аралыгында борбор калаага 300-350 автобус алып келүү пландалууда.

«10-12 метрлик экологиялык жактан ыңгайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борборго жеткирилет. Транспорт эл аралык стандарттарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө, бардык талаптарга толук жооп берет», — деп кабарлашты мэриядан.

«Грин Бас» тууралуу эмне белгилүү?

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Грин Бас» ЖЧКсы «коммерциялык ишмердик жана башкаруу маселелери боюнча консультация» кылат. Анын эки негиздөөчүсү бар, ал эми компания үстүбүздөгү жылдын 30-мартында кайра каттоодон өткөн.Директор жана негиздөөчүлөрдүн бири болуп Марат Алиев деген жаран эсептелет. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, ал «Лемар Групп» жана «Лемар Строй» курулуш фирмаларынын директору дагы болуп саналат.

Ачык булактарда ал тууралуу маалыматтар жокко эсе. Болгону, 2015-жылы Алиев парламенттин алтынчы чакырылышына «Ар-Намыс» партиясынын катарында, тизмеде 87-номер менен барганы белгилүү. Ал эми 2016-жылы Алиев «Аалам» партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине депутат болууга аракет кылган. Тизмеде бешинчи орунда болгон.

«Грин Бастын» экинчи негиздөөчүсү адвокат Рустам Абдурауфов. Ал дагы «АРАБИС Групп» жактоочулар коллегиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Автобустарды сатып алуу

Калаа мэриясы шаарда маршруткалардын айдоочулары менен араздашып жаткандыктан автобустарды сатып алууну пландап жатат. Акыркы бир нече жылда маршруттук таксилердин айдоочулары бир нече жолу иш таштап, 2012-жылдан бери өзгөрбөй келе жаткан жол кире акысын көбөйтүүнү талап кылышкан.

Бишкекте муниципалдык автобустар менен троллейбустар аз санда болгондуктан жана алар миллионго жакын адам жашаган шаардагы жүргүнчүлөрдүн агымын тейлей албагандыктан, маршруттук такси айдоочулардын иш таштоосу ар дайым транспорттук коллапска алып келүүдө. Андан тышкары, маршруттук кичи автобустар — экотранспорт эмес.

Мэрия троллейбус жана газ менен жүргөн автобустардын санын көбөйтүүнү транспорттук маселени чечүүнүн бирден бир жолу катары көрөт.

Бишкектин мэринин мурдагы м.а. Бактыбек Кудайбергенов 27-июлда басма сөз жыйында шаарда 31-августка карата өзбек өндүрүшүнөн чыккан ISUZU үлгүсүндөгү жаңы 200 автобусту линияга чыгарууну пландап жатканын билдирген.

«Июнда өзбек өндүрүшүнөн чыккан ISUZU үлгүсүндөгү 50 автобус линияга чыкты. Бул компания менен түзүлгөн келишимдин алкагында автобус алып келүү уланат. Азыр 40ка жакын автобус келди. 31-августка карата линияга 200 автобусту чыгарууну пландап жатабыз. 2023-жылга чейин газомоторлуу 1 миң машина күтүлүп жатат», — деген ал ошондо.

Кудайбергенов жаңы автобустарды сатып алуу үчүн борбор калаанын мэриясы кредит жана гранттарды аларын кошумчалаган. Анын айтымында, келерки жылга 350 автобус алып келүү пландалган. Экс-мэр алардын арасында көп орундуу, пандустар орнотулган автобустар дагы бар экенин эскерткен болчу.

«Бизде эл аралык донорлор менен бирге иштеп жаткан алгылыктуу долбоорлор бар. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен “Бишкектин муниципалдык коомдук транспорт системасын жакшыртуу” долбоору пландалып жатат. Долбоор боюнча биз газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алууну жана автобус парктарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү көздөп жатабыз», — деп белгилеген чиновник.

*Калаа муниципалитети Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 33 млн евро алууну пландап жатат, анын ичинен 8 млну — грант, калганы — кредит.

Андан тышкары, Кудайбергеновдун айтымында Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору ишке кирүүнүн алдында турат. Анын алкагында бийлик 120дан ашуун электробустарды жана кубаттоочу инфраструктураны сатып алат. Ошондой эле, муниципалдык такси кызматы боюнча маселени иштеп чыгат.