Ысык-Көл: Маршрутка менен жүк ташуучу унаа кагышып 5 киши каза тапты

Ысык-Көл облусундагы Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан беш адам каза таап, дагы 10 киши жаракат алды. Кырсык 17-августта Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 172-чакырымында катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 10дон ашуун жүргүнчү ташып бараткан «Мерседес-Бенц-Спринтер» жана оор жүк ташуучу «МАН» унаалары кагышкан.

Кырсыктан маршруткадагы эки эркек жана үч аял окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдардын аты-жөнү такталууда.

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда 15-16 августта катталган эки жол кырсыгынан улам үч адам каза таап, дагы 13 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылдын алты айында эле 3 396 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 329 киши каза тапты. Мындан улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.