Ысык-Көл: Эки жол кырсыгынан үч адам каза таап, 13 киши жабыркады

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда 15-16 августта катталган эки жол кырсыгынан улам үч адам каза таап, 13 киши ар кандай жаракаттарды алды.

Биринчи авария 15-август саат 15:00 чамасында болгон. Анда Honda Odyssey унаасын башкарып бараткан 54 жаштагы киши аталган жолдун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарындагы аймагында рулга ээ боло албай жолдон чыгып ала салып кеткен.

Анын кесепетинен 80 жаштагы жүргүнчү жеринде мерт кеткен — ал Жалал-Абад облусунун тургуну болгон. Ал эми айдоочу өзү, алты, 23, 30 жана 46 жаштагы жүргүнчүлөр Балыкчы шаардык ооруканасына кайрылышкан.

Сүрөт: Turmush

Экинчи кырсык 16-августка караган түнү саат 00:47 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун Корумду айылынын аймагында орун алган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Анда Subaru Forester, Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, 20 жаштагы кыз жана 31 жаштагы киши ооруканадан каза болгон. Беш аял жана үч эркек ар кандай жаракаттарды алып Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Расмий маалымат боюнча 2021-жылдын алты айында эле 3 396 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 329 киши каза тапты. Мындан улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырган.