Бишкекте ооган жарандары «качкын» макамын берүүнү талап кылып митингге чыгышты

Сүрөт: Кундуз Азарбекова/Azattyk

Кыргызстанда жашаган 20дай ооган жараны 18-августта БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына митингге чыкты. Алар Кыргызстанда 22 жылдан бери жашаганына карабастан «качкын» макамын ала албай жатканына даттанышты.

«Биз Ооганстандан качып келгенбиз. Кыргызстан "качкын" макамын берген эмес, бизде болгону БУУнун "качкын" мандаты гана бар», — деди алардын бири.

Оогандар кыргыз бийлигинен же макам берүүнү, же болбосо АКШ, Канада сыяктуу чет өлкөлөргө чыгарууну талап кылышты.

Буга чейин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова «Азаттыкка» Кыргызстандагы 73 ооган жаранына «качкын» макамы берилгенин жана дагы 67 жарандын арызы каралып жатканын билдирген.

Мындан сырткары Мамбетова Кыргызстан «улуттук кызыкчылыкты эске алуу» менен Ооганстандагы 1 200 памирлик кыргызды кабыл алууга даяр экенин айткан.

Кыргызстан 1996-жылдан бери БУУнун качкындар иши боюнча Конвенциясынын мүчөсү болуп эсептелгиндектен качкындарды кабыл алууга милдеттүү.

15-августта «Талибан» экстремисттик кыймылы Кабулга бастырып кирип жалпы Ооганстанды өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани «кан төгүүгө жол бербөө максатында Ооганстандан чыгып кетүүгө мажбур болду.

Оогандар «Талибандын» башкаруусу астында жашоодон жана репрессиядан кооптонушуп, өлкөнү таштап кетишүүдө. Анткени талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып турган учурда адам укуктары, айрыкча кыз-келиндердин укугу басмырланып, адамдар сот өкүмү жок эле жазага тартылып турган.