Кыргызстандын ТИМи Ооганстандагы кырдаал турукташарына үмүт артат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ооганстандагы кырдаалдын «тез арада турукташуусуна кызыкдар экенин» билдирген кайрылуу жарыялады.

«Укуктук талаада жаңы бийлик институттары түзүлөт, бул өлкөнүн бардык саясий жана этникалык топторунун катышуусу менен көп жылга созулган аскердик жаңжал токтотулат жана Ооганстанда көптөн күтүлгөн тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук орнойт деп үмүттөнөбүз», — деп айтылат ТИМдин кайрылуусунда.

Ведомство тараптарды сабырдуулукка чакырып, зомбулуктан алыс болууга дагы үндөдү. Ошондой эле ТИМ улутуна, динине жана саясий көз карашына карабастан бүткүл Ооганстандын элинин коопсуздугун сактоого жана этникалык азчылыктардын укуктарын коргоого чакырды.

«Анын ичинде Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги кыргыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандарга ооган өлкөсүнөн эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүүгө чакырабыз», — деп белгилешти ведомстводон.

Ошондой эле, ТИМ Ооганстан кырдаалдан сүйлөшүү жолу менен чыгат, ал эми бийликти өткөрүп берүүдө «ооган элин канааттандырган мамлекеттик түзүлүш» тандалат деп үмүт кылат.

«Талибан» жоочуларынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Бул маалыматтын шартында, бир катар өлкөлөр Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.

Өз жарандарын эвакуация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров дагы берген. Мындай тапшырманы Жапаров ТИМге берип, Ооганстандагы кыргызстардын коопсуздугун камсыздоону дагы буйруган.