Бишкек: Ооган качкындары митингге чыкты, алар Кыргызстандан кеткиси келет

Бишкек: Ооган качкындары митингге чыкты, алар Кыргызстандан кеткиси келет

Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына Кыргызстанда жашаган ооганстандык качкындар митингге чыкты. Алар Канада, Европа же АКШга көчүп кетүүгө жардам сурап жатышат.

Элчиликтин имаратынын алдындагы митингге 30га жакын адам чогулду. «Акипресс» басылмасынын маалыматына караганда митингчилер жашагандарына 20 жылга жакындаганы менен Кыргызстанда алардын укугу тебеленип жатканын айтып беришкен.

«Биз унутта калган ооган качкындарыбыз. Бизге АКШга көчүп кетүүгө жардам бер», — деп жазылган плакаттардын биринде.

Оогандыктар чиновниктердин бирөө жолугушууга чыкмайын митинг улана берерин айтышуда. Чогулгандар буга чейин ооган элчилигине кайрылып, андан майнап чыкпаганын белгилешкен.

Ооганстандык качкындар «Талибан»* радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуусунун шартында элчиликтин алдына митингге чыгышты.

Ал эми Кыргызстандын бийлиги ооган студенттери үчүн 500 виза берүүнү убадалаган.

АКШнын өкмөтү 150 ооган студентинин Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) билим алуусун каржылап берүүгө даяр экенин билдирген.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Ооганстан талибдердин карамагына өткөнү 16-августта билинген. Анда «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Азыр Бириккен Араб Эмираттарында экени айтылууда.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

Бул маалыматтын шартында, бир катар өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.