Нарында жол кырсыгынан бир киши каза болуп, эки адам жабыркады

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 19-августка караган түнү «Форд Мондео» унаасы оодарылып кетип 35 жаштагы киши каза болду. Дагы эки киши райондук ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган. Анда айдоочу рулду башкара албай жолдун четине чыгып кеткени айтылат.

Кырсык болгон жерге №45 куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ушул эле каттамда 17-августта жол кырсыгы катталган. Анда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 172-чакырымында 10дон ашуун жүргүнчү ташып бараткан «Мерседес-Бенц-Спринтер» жана оор жүк ташуучу «МАН» унаалары кагышып, 23 адам кырсыкка кабылган.

Анын ичинен маршруткадагы эки эркек жана үч аял окуя болгон жерде каза болуп, дагы 74 жаштагы киши жана бир ымыркай ооруканадан көз жумган. Кырсыктан жабыркаган 16 адам Балыкчы шаардык ооруканасында жана Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.

2021-жылдын жети айында эле Кыргызстанда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам көз жумган.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.